СҮРӨТ: Айдана Деканын кыз узатуу тоюндагы көйнөгү өзгөчө болду…

Кечээ, 10-март күнү Бишкектеги белгилүү тойканалардын биринде Аваз Акимов менен ырчы Айдана Деканын кыз узаттуу аземи болуп өттү.

Тойго эки жаштын туугандары, сахналаш достору келип, куттук сөздөрүн айтышты. Ал эми кыргыздын салттарын утурлай кыздын утурлай кыздын калыңын берүү, кийит кийгизүү, сөйкө салуу жөрөлгөлөрү коштолду.

Айдананын кийген көйнөгү көпчүлүккө кызыгуу жаратты. Аны атайын америкалык дизайнерге буйрутма менен тиктирген экен.

Тойдун башталышында алгач залга Аваз Акимов кирип, артынан Айдана Деканы атасы алып кирди. Андан соң Акимовдун апасы, Айдана Декага сөйкө салып, ак батасын берди.

Эскерте кетсек 14-февралда Айдана Деканын колун Аваз Акимов чогуу өткөргөн концертте сахнадан сураган.хэ

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу