Сүйүнчү! Кыргызстандык Айпери Медет кызы күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду

Бул Кыргызстандын юниорлор арасындагы биринчиликтеги тунгуч алтын медалы

Кыргызстандык Айпери Медет кызы аялдар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул туурасында Күрөш боюнча биргелешкен дүйнө сайтында жазылган.

Таймаш 1-августтан бери Финляндияда өтүп жатат. Ал 6-августта аяктайт.

Айпери Медет кызы 72 килограммдык категорияда ат салышкан. 1/8 финалда Швециялык спортчу Сабина Макота Строем 4:6 эсебинде жеңип алды.

Чейрек финалда итальялык Елени Пьоллайга жеңилүү ызасын тарттырган. Таймаш эсеби 8:0 менен аяктаган.Жарым финалда Айпери 26 секунда ичинде 10 упай топтоп, жеңишти өзүнө жакындатты. Атаандашы россиялык Кристина Шумова болду.

Ал эми тагдыр чечкен башкы кармашта кыргызстандык кыз япониялык Ясуху Мацуюкини 8:6 эсебинде жеңди.

Бул Кыргызстандын үчүнчү медалы. Буга чейин өлкөнүн медаль куржунун Акбар Кенжебек уулу жана Мээрим Жуманазарова эки коло менен толтурган.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу