Суу чарбасы кайрадан министрлик болуп түзүлөбү?

 

Суу өмүрдүн булагы, «Эл башы болгончо суу башы бол» деп, акылга дыйкан бабаларыбыз кан какшап айтып келгени бизге тарыхыбыздан жакшы белгилүү. Анткени жашообузда жандууга да, жансызга да өмүр берген бул суу экени чындык. Суусуз жашоо жок. «Колдо бар алтындын баркы жок» дегендей мамиле жасалып, соңку жылдары туптунук таза агын сууларыбыздын бирден-бир запасы болгон мөңгүлөрүбүздү талкалап да, талкалатып да келе жатабыз. «Чөптү кор кармасаң көзгө зыян» дейт элибизде. Кордугун тартып калбасак эле болду. Дүйнөлүк аналитиктердин божомолдоруна таяна турган болсок, «жакынкы 50-60 жылдын ичинде ичүүчү таза суу алтынга барабар болот» деп коңгуроо кагылууда. Демек, борбордук азия чөлкөмүндө агын суулардын запасы боюнча Тажикстандан кийинки эле орунда Кыргызстан тураарын эске алсак, анда эки тизгин бир чылбырды колго алганга убакыт жетти. Өлкөбүз эгемендикке ээ болгон чейрек кылымдын ичинде союз учурунда бакандай эки министрлик болуп турган суу чарба тармагы өгөй баладай болуп жетимсиреп турат. Муну айтып жаткандыгымдын себеби, 8000ден ашуун чоң армиясы бар суу чарба тармагы, аты бар заты жок айыл чарба министрлигине карабай, өзүнчө министрлик болуп өкмөттүн курамына кирип, өз алдынча саясат жүргүзсө көп маселе чечилбейт беле. Кошуна өлкөлөргө бензин менен газды берсе, бизге Кудай таалам аба кандай керек болсо, ошондой керек болгон мөңгү менен сууларды берген турбайбы. Андыктан борбордук азия чөлкөмүндө суу башында турган өлкө катары, кошуна өлкөлөргө тең ата болуп, суу боюнча саясатты Кыргыз мамлекети жүргүзүшү керек. Мындай Кудайберген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарса курпактарыбыз бизди кечирбейт. Кудай буйруса келечекте суудагы электро энергиядай, газдай, бензиндей эле товар болуп калышына шегибиз жок. Суусуз жашоо жок деп мен жогоруда белгилегендей, суусуз дыйкандар мол түшүм алып, мээнети кайтпайт. Мал чарбасында жетишээрлик тоют болбойт. Жетиштүү суу болмоюнча ГЭСтердин да иши токтоп калаарына күмөнүбүз жок. Жагдай ушундай болуп калбасын деп өлкө башчысы өкмөт башчысы менен биргеликте ирригация тармагына чоң каражаттарды бөлүүгө аракет жасашууда, бул биринчи жагы. Экинчи жагы бир нече миңдеген  суу чарба кызматкерлери жайдын аптабына, кыштын ызгаарына карабай арзыбаган 5-6миң сом айлыкка иштеп, өлкө аймагындагы 1млн 23миң Га суулуу жерибизди сугат суу менен камсыз кылып келишет. Ушулардын эмгегин баалап, мамлекеттик сыйлыктар бул жакта эле калсын, дегеле рахмат деп койгон бир киши жок. Мамлекеттик сыйлык демекчи союз мезгилинде “Эмгек сиңирген ирригатор” деген наам бар эле. 25 жылдан бери аны көрмөк тургай атын да укпай калдык. Эмгек сиңирген: айыл чарба кызматкери, энергетиги, юристи, финансисти, токойчусу деги койчу кимдер эле эмгек сиңирбеген. Деги биздин өлкөдө акыйкаттүүлүк, адилеттүүлүк деген барбы? Эмне суу чарбасынын эли жерине сиңирген эмгеги, кадыры ушуларча жокпу? “Кардыма таарынбайм, кадырыма таарынам” деген улуу сөз ушундан келип чыккан турбайбы. «Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат» деген сөздүн чындыгы бар экендигине дагы бир жолу ишендим. Анткени чейрек кылымдан бери канчалаган аткаминерлер келип-кетип жатат. Ошондой эле мамсыйлыктарды ыйгаруу боюнча комиссиянын катарына кимдер эле кирбеди. Кой кокуй өлкө элинин жарымынан көбү айыл жеринде жашайт. Алар үчүн суу чарба тармагы өзгөчө маанилүү тармак деп,бири үн катканга жарабайт.  Бул тармак жалаң эле суу берүү менен чектелбейт. Саз басып кеткен, туз басып кеткен жерлер менен аёсуз күрөш жүргүзүп келишүүдө, бирок департамент болгондугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Мелиорация – деген грек тилинен алынганда «улучшение земель» дегенди түшүндүрөт. Учурдагы 1млн Га сугат жерин сазга, тузга бастырбай сактап кармап туруш үчүн атайын адистештирилген кызмат адамдары болушу керек. Мунун баары өз алдынча жүргүзгөн саясатты жана каражатты талап кылат. Жакында өлкө башчысы С.Жээнбеков региондорду өнүктүрүш үчүн ирригацияга чоң каражат бөлүнөөрүн айтып өттү. Демек каражат бөлүнөт. Кеп ошол каражаттын ырааттуу жана максаттуу пайдаланышында болуп жатпайбы. Кеп учурдагы департаменттин жетекчилигинде эмес, кеп суу чарбасына жүктөлгөн тапшырмаларды аткарганга суу чарба департаментинин мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп жаткандыгында.  Сөздүн ток этер жерин айтканда учурдагы суу чарба департаменти өзүнчө министрлик болуп өкмөттүн курамына мүчө болуп кирмейинче, суу чарба тармагы толук кандуу иштеп, ага жүктөлгөн милдеттерди аткара албайт. Мындай чечимден өлкөбүз утса утат, уттурбайт. Андыктан эл өкүлдөрү менен өкмөт башчыбыз туура чечимге келетдеген ойдобуз.

Абди Сүйөркулов атындагы

 коомдук фонддун төрагасы                                                             С.Бекботоев

Булак: ARGUMENT.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу