Сууну эки ирет кайнатып ичсе «рак» илдетин пайда кылабы?

Кээде чай ичели деп суу кайнатабыз. Аны да убагында чай кылып демдебей, муздап калган сууну кайра кайнатабыз. Бул туура эмес. Анткени мындай тажрыйба ден соолукка өтө зыян. Эмне себептен деп ойлонуп жатсаңыз керек? Анткени биринчи кайнаган сууда зыяндуу заттардын бардыгы буу менен кошо бууланып учуп кетет. Эгерде ушул эле тажрыйбада кайнатылган сууну кайрадан отко коюп кайнатсак, андагы химиялык кошулмалар өзгөрүп, зыяндуу заттар бууланып учуп кетүүнүн ордуна, кайра топтолуп баштайт экен.

Нитрат

Нитрат заты суу курамынын эң түбүндө болот. Суу кайнатылган учурда нитраттын канцентрациясы нитрозаминдерге айланат. Дал ушунун натыйжасынан адамдарда ичеги карын, уйку без оорулары пайда болот.

Фтор

Суунун курамындагы фтор дагы ден соолукка зыян. Ал ашказан оорусун пайда кылат. Мына ошондуктан достор бир кайнатылган сууну, кайра экинчи ирет кайнатуу болбойт.

www. zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу