Сууга чөгүп каза болгондор көбөйүп баратат

Кыргызстанда сууга чөгүп каза болгондор көбөйүп жатат. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги  жарандарга кайрылып, жайкы мезгилде сууга түшүүдө этият болууга чакырууда. Шар аккан сууга, терең саздарга жана көлмөлөргө түшпөөгө кеңеш берип, сууда сүзө турган кемселдерди кийип алуу зарыл экенин эскертти. Министрликтин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдиргендей, быйыл жыл башынан бери 57 адам сууга  чөгүп кетти. Анын он сегизи 12 жашка чейинки балдар, он экиси өспүрүмдөр. 2018-жылы Кыргызстанда 134 адам сууга чөгүп каза болгон. Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облусгарында кырсык көп катталган. Каза тапкандардын көбү жай мезгилинде сууга чөккөн.

БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу