Суталиновдун жубайы президенттен ырайым күтөт…

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси, абакта жаткан Мурат Суталиновдун аялы Гүлнара Суталинова президентке ачык кат жазды. Өз катында ал күйөөсүнө карата адилетсиз сот жүрүп жатканын, кыйноо колдонулганын билдирди. “Мен күйөөмдү “өлүмгө жакындап баратат” деп жазгым келбейт, көпчүлүк эл билгендей анын кайышпас кайраты, кажыбас ички дүйнөсүнүн күчү бар. Ошондуктан мен ишенем, биз биригип бул каргашалуу ооруга туруштук беребиз.

Бирок бул оору менен түрмөнүн шартында натыйжалуу күрөшүү мүмкүн эмес”,- деди ал катында. Гүлнара Суталинова күйөөсү апрель окуясы боюнча соттолуп жатканы үчүн гана ага негизсиз айып тагылганын, буга “мурдагы Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн буйругу себеп болгонун” да билдирди. “Урматтуу Сооронбай Шарипович! Албетте, сиз соттун чечимине таасир эте албайсыз. Бирок бүгүнкү күндө канчалык сот бийлигинин көз каранды эместигине ишенсек да, кээ бир судьялар чечимдерин чыгараарда «Ак үйдү» карап тураары көнүмүш болуп калган.

Ошондуктан бул кат менен сизге кайрылдым. Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин кепили болгон президент катары, диний ишеними бар адам катары, биздин кайгылуу ишибизге өзүңүздүң мамилеңизди билдирип коюуңузду көптөн-көп суранам!?”,- деген кайрылуусунда Г.Суталинова. Чындап эле УКМКнын мурдагы жетекчиси эч кандай далили жок, кайсы бир топтун бийликке нааразычылыгын басуу же жакшы көрсөтүү үчүн гана тогуз жылдан бери абакта отуруп, гүлдөй өмүрү соолуган чөптөй куруп келет…

Булак: “Майдан.kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу