“Супер инфо” гезити кимге сатылды?

 

Бул күндөрү эң нускасы бар “Супер инфо” гезитин Раим миллион сатып алды деген сөз социалдык тармактарда жайылып кетти.  Ошол замат гезиттин ээси Кылычбек Султанов эч кандай сатылбагандыгын айтып чыкты.  Жөн гана редакция дарегин өзгөртүп, башка имаратка көчүп кеткен. Бирок, интернет колдонуучулар оңой эмес. Алар тездик менен редакция көчүп барган “Эльдорадо” деп аталган имараттын ээлеринин бири Матраимовдорун үй бүлөө мүчөлөрүнүн бирине таандык экенин жазып чыгышты. Анысы аз келгенсип интернет колдонуучулар гезит канчага сатылган баасын да жазып жиберишти. Ага ишене турган болсок “Супер инфо” гезиттин баасы 2 миллион АКШ долларын чапчып жыгылыптыр.  Дагы бир ой жоромолдорго түрткөн маалымат, гезитти жетектеп келген редактору да алмашып жаңы башкы редактор дайындалган. Белгилей кетүүчү маселе, кийинки учурда гезиттин сайтында Раим миллионду колдогон материалдар чыга баштады.  А мындай окуя жөндөн болбосу белгилүү..

БУЛАК:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу