Сулуу аял кызганычтын башаты…

Экөөнүн үйлөнгөндөрүнө болгону бир апта болду, бирок үйдүн тардыгы бири-бирине берилүүсүнө такыр эле тоскоолун тийгизип, тартынып- корунуп жашап жаткандары чын. Айткандай атасы Асан менен апасы Калипа эки күнгө башка айылга конокко кетишкен. Ошол себептен эки жаш өздөрүн эркин сезип, минтип берилүү менен сүйлөшүп олтурган кездери.

Айике, Бекмураттын чечилип айткан сөздөрүн укканда аны чындап аяп кетти. Айткандай Бекмурат апасы менен атасы үйдө жокто абдан ачылып, жакшы сөздөрдү сүйлөп берет. Ал эми өзгөчө апасы барда такыр эле башка адам. Бул да болсо Калипанын эскиче ой жүгүртүүсү экенин жашырып болбойт эле.

Бул да болсо эркиндиктин белгиси, корунуудан убактылуу болсо дагы кутулгандын бир үзүмү болучу. Жаңы үйлөнгөн эки жаш дайыма эркин, бири-бирине берилүүнү самашарына турмуш шарт өз күбө. Бирок өзгөчө элет жеринде андай мүмкүнчүлүк өтө эле аз кездешип, жаңы үйлөнгөндөр алгачкы ысык кездерин корунуп жатышып өткөрүп ийгендерине Бекмурат менен Айикенин учурдагы жашоосу күбө.

Ооба, экөө жаткан бөлмө менен абышка, кемпир жаткан бөлмөнүн ортосундагы үйдүн эшиги жок, жөн гана пардо тартылып тургандыктан түнкүсүн да экөө үндөрүн катуу чыгаргандан жазганышат. Ал турсун, Калипа үйдө кезде бири-бирине жакын жолошпойт.

Бир курдай Калипа сыртка чыгып кеткенден пайдаланып Бекмурат, келинчегин кучактай калганын тиги киши терезеден көрүп калып, Бекмуратты өзүнчө бөлмөгө чакырып алып катуу урушкан. Ошол окуядан кийин Бекмурат күндүз Айикеге жакындагандан коркуп, кысынып калган. Жаш кезде кимдин эле эркин болгусу келбесин. Бирок, түшүнүгү тайкы адамдардын кедери көп нерсеге тоскоол болгонуна албетте турмуш өзү күбө.

Көзүн ачса эле жакшы көргөн түшүн жоготуп жиберген адамдын абалында калчудай сезди.

Таза сүйүү менен берилип айтылган сөздүн күчү кандай таасирлүү. Бекмурат ушул жолу Айикеге арнаган сүйүүсүнүн күчүн көрсөтө алды. Ал эми Айике, Бекмуратты сүйөөрүн же ортодо кыйылган никенин күчүнө баш ийгенин биле албай эки анжы ойдун ортосунда калды. Ойго алдырган адамдай чалкасынан шыпты тиктеп жаткан тейде күтүүсүз Бекмуратка суроо менен кайрылды:

— Бекмурат, сен менден кызыгың тараганда менин көзүмө чөп саласыңбы? — деди. Бул суроонун берилишин күтпөгөн Бекмурат:

— Айике, чын сөзүм, мен сени эч кимге алмаштырбайм жана өмүрүм өткөнчө сени сыйлап жүрүп гана өтөм. Сен эмне мынча таттуу жансың. Сага берилдим жана сени менен аял затынын улуу экенин билдим. Ыраазымын тагдырыма сага үйлөнүп калганым үчүн.

Айике, бул айтылган сөздөрдү укканда, Уланбекти эстеди. “Ал дагы бир кезде аялын жаңы алганда ушул сөздөрдү айтса керек” деп ойлоп, ыпыластык эркектерге жарашат, ал эми аялдарга эмнеге жарашпайт. Кантип эркектер башка аялдар менен болгондон  кийин жийиркенишпейт, — деген ойго такалды.

Бул ойду ойлогонго Уландын акыркы өзүнө жасаган мамилеси түрткү болду. Аялы туруп эмнеге мени менен өбүштү. Балким мен дагы эркек болуп калсам мүмкүн ал баскан жолду басмак чыгармын? Бекер жерден “эркек үйдөн жети кадам чыккандан кийин бойдок” деген сөз айтылып калбаган чыгар.

Шаарда канчалаган эркектер саунада жаш кыздар менен тайраңдап жүрүшөт болду экен, акчаларын чачып. Балким эркектердин табияты коштоп аял алганга мажбур кылат болду бекен? Жообу жок суроолорду өзүнө-өзү берип алып акыры кыйналып кетти да, башын көтөрүп Бекмуратты карады.

Ал дагы өзүнчө ойго батып жаткан экен. Анын оюн бузбайын деп кайра башын жерге коюп, төгүлгөн кирпигин акырын жумду да, узунунан жаткан калыбында кайрадан ойго алдырып жиберди. Сулуунун суналып жаткан ушул абалын эгер өз ишине каныккан сүрөтчү бир гана жолу көрүп сүрөткө тартып алганда аты дүйнөгө таанылгандай сүрөтчү аталып, болуп көрбөгөндөй кадыр баркка жетет беле ким билет?

Бой мүчөсү келишкен бул жаш келиндин ушул турпатын көргөн ар бир эркек суктанмак. Ал турсун колунда бар байлар, акчанын күчүнө салып болсо дагы мүдөөсүнө жетип тынат беле же кадимки депутаттардай экинчи аял кылып алганга болгон аракетин жумшашат беле аны ачык айтып болбойт.

Балким эл бийлеген төбөлдөрдүн көзү чалса чет мамлекеттен үй алып берем деп дагы убада берип жибериши толук мүмкүн болучу. Бирок, мындай көз жоосун алган сулууну ким ойлоптур, деңгээли тайыз Калипага келин болуп кор болот деп. Ооба, чынында жараткан Айикеге сулуулукту жана бой келбетти ченебей келиштирип берген, бирок анын Бекмурат кадырына жетеби же жетпей кордоп коюбу аны бир гана убакыт таразасы билет.

Тээ илгертен айтылган кеп бар эмеспи “ашыкча сулуулук дагы  кыздын өзүнө душман” деп. Андан дагы аялдын сулуу келбети тийген күйөөнү ашыкча кызганчаак кылышы толук мүмкүн эмеспи. Канчалаган эркектер сулуу кызга үйлөнүп алышып, ичтеринен кимдендир кызганып бушайман болгондору канча.

Бекмурат дагы убагы келгенде кызганчаак күйөө болушу толук мүмкүн. Муну Айикенин сулуу өңү өзү эле айтып турат.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу