Сулуулар кайда эс алышат?

Миргүл БООБЕКОВА, «Кыргызстандын сулуу айымы — 2019» сыйлыгынын ээси: — Жайында алыскы чет өлкөлөргө эс алуу деле планыбызда жок. Берметтей болгон Ысык-Көлүбүзгө эс алууну көздөп турабыз. Азыркы учурда чоң сынактарга катышып, ошонун түйшүгү менен жүргөн кезим. Албетте, бул түйшүктөрдүн жеңиши менен жемиши болот деген үмүттөмүн. Эстен кеткис жай күндөрүн сиздер дагы эсте каларлык өткөргөнүңүздөргө тилектешмин.

Айгерим САМАТОВА, актриса: -Жай мезгилинде убакыт кенен, өзүңдү өнүктүргөнгө сонун учур. Мисалы, мен азыр тренингдер менен алек болуп жатам. Мотивация берген видеолорду көрүүдөмүн. Ошондой эле чоң тренингге жазылып, мээмди эс алдырып жүргөн кезим. Айтайын дегеним, чоң жумуш баштоого алгач мээбиздеги негатив ойлорду алып салышыбыз керек. Башка учурларда көбүнчө жумуш, окуу болуп, убактыбыз болбойт. Ошого жайкы эс алууну дал ушундай пайдалуу нерсеге жумшадым. Сиздерге да ар күнүңүздөрдү пайдалуу өткөрүүгө кеңеш берем.

 

Асел АЙДАРОВА, балерина: — Жай мезгили, аптап өзүнчө бир керемет, кайталангыс мезгил. Ызгаар, суук кыш күндөрү мындай аптапты, ысыкты да сагынабыз. Ар бир мезгилдин кайталангыс өз учурлары болот эмеспи. Бул жайда Анталия шаарында эс алабыз! Баардык замандаштарыма жай айларын жакшы маанайда өткөрүүнү кеңеш берем. Кайсы жерде болбосун жакын адамдарыңыз менен жакшы күндөрдү эстеликке калтырыңыздар.

 

Нуржан СМАНОВА, теле алпаруучу: — Бул жылы кереметтүү Кыргызстандын кооз жерлерин кыдырганга аракет кылам. Сары-Челек, Соң- Көл, Арсланбап, Кегети, Көл-Төр мындан сырткары, Кырчын, Каркыра жайлоосуна барууну пландап жатам, Жай айын бир эле эс алуу менен өткөрбөстөн, пайдалуу ийримдерге, курсгарга жазылдым. Анткени, калган убакта окуу менен жумуш менен алек болуп, өзүм кызыккан ийримдерге бара албай калам. Жайкы эс алууну жагымдуу да, пайдалуу да өткөрүү үчүн биринчи кезекте жандуйнөңүз талап кылган нерсеге басым жасаңыз. XXI кылым толтура мүмкүнчүлүктөрдүн заманы: тил үйрөнүңүз, саякаттаңыз, спорт менен машыгыңыз. Негизгиси, уктап, дубал тиктеп убактыңызды бошко кетирбеңиз

БУЛАК: Азиянюс

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу