Султан Садыралиев: «Акчалай кризиске кабылган учурларым көп болгон…»

Султан Садыралиев убагында таланты менен канчалаган күйөрман чогултуп, миңдеген кыздардын жүрөгүнө чок салган эле. Ар дайым мааниси терең ырларды аткарганы үчүн, үнүнүн бийик тембри үчүн эл анын чыгармачылыгын азыркыга чейин баалап, кыргызга жаралган таланттардын бири экенин айтып жүрөт.

-Султан, саламатсызбы? Кандай жүрөсүз? Кандай жаңылыктарыңыз бар чыгармачылыкта?

-Эми өзүңүздөр билесиздер, чыгармачылык мурункудай дүңгүрөгөн заман артта калды. Бирок чыгармачылыкта элебиз. Бул дүйнөгө бир кирген адам андан таптакыр алыстап кете албайт го дейм. Жаңы ырларды аз-аздан жазып жүрөбүз. Акыркы учурда көбүнчө автордук чыгармаларга басым жасап жатам десем болот. Мисалы, жакында эле менин калемиме таандык «Келчи», «Ыраазымын сага» деген чыгармаларым жарык көрдү. Анан көптөн бери жеке концерт бере элек экенмин. Ошондуктан бир жылдын ичинде, буюрса, Бишкекте чоң концерт койсомбу деген ойлорум бар.

-Мурункудай чыгармачылыгым дүңгүрөбөй калды дегениңизге караганда ошол учурду сагынат окшойсуз?

-Жок, андай деле эмес. Бардык нерсенин өзүнүн убакыт-сааты болот эмеспи. Анда мен болгону, 17-18 жашта экенмин. Ушундай жаш туруп элге таанылдым, миңдеген күйөрман топтодум. 20 жашка жетпей Спорт Ордосуна аншлаг менен концерттерди коюп жүрдүм. Ушулардын баарын азыр жылмаюу менен гана эскерип, өзүмө абдан ыраазы боломун. Бул күндөр менин жеке тарыхымда өчпөс тамгалар менен жазылып кала бермекчи.

-Чыгармачылыкты азыр деле ошондой нукта алып кетүүгө кудуретиңиз жетет да. Ошондой дем менен киришсеңиз, баштапкы популярдуулукту кайтара алам деп ойлойсузбу?

-Ооба, чыгармачылыкка көбүрөөк көңүл буруп, чыгармачылык менен деле жүрүп алсам болот го. Бирок азыр менин статусум бөлөк да. Үй-бүлөм, бала-чакам бар дегендей. Мен үй-бүлөмө дагы, чыгармачылыгыма дагы бирдей көңүл бурушум керек. Улуулардын айтканы бар го, «бакытты, байлыкты талаадан эмес, баладан изде» деген. Анын сыңарындай, азыр мен балдарыма тарбия берүүнү, үй-бүлөмдү камсыздоону башкы планга койгонум эле туура. Жакшы эмгектенсем ал популярдуулук бат эле келет деп ойлойм. Бирок мурункудай кыйкырык-ышкырыксыз, токтолгон күйөрмандар болот го дейм. Анткени ошол кездеги биздин фанаттар биз теңдүүлөр эмес беле. Азыр алар биз менен чогуу биздин күнгө келди да.

-Убагында ашынган күйөрман кыздарыңыз көп эле. Үй-бүлөлүү болгондон кийин алардын деми сууп калган чыгар же дагы деле тынчыңызды алгандар болобу?

-Азыр антип жүдөтпөй калышты. Анда жаш, бойдок болчумун да. «Чалсак эмне кыла алмак эле?» дешчү го, сыягы. Көбүнчө анда сүйүп калганын, менсиз жашай албай калганын айтып чалышчу. Кээ бирлер таанышууга өздөрү чакырышчу оозду ачырышып. Бир жолу да бир кыздар чалып таанышып алууну сунуштап калышты. Мен макул болбой койгон элем. Ошондо айдап жүргөн машинамдын өңү көк түстө болчу, алар мага жооп иретинде аны ак краска менен ала-була кылып боёп, «биз менен таанышпай койгонуң үчүн» деп жазып кетишиптир. Ошондо бир чети шок болсом, экинчиден, аябай күлгөнүм эсимде. Азыр болсо күйөрмандарым ал-акыбал сурап, үй-бүлөмө бакыт тилеп, чыгармачылыгыма ийгилик каалап чалышат. Кээде «сенин үй-бүлөңө дагы карабайм, сени жакшы көрөм» дегендер болот. Мындай акылга сыйбаган жоруктарга мен деле, келинчегим деле көнүп калганбыз. Күлүп эле тим болобуз. Кудайга шүгүр, келинчегим аябай түшүнүктүү жан.

-Дайыма мааниси терең, курч сөздөрү бар ырларды аткарасыз. Азыркы жаш муундун чыгармачылыгы сизди канааттандырабы?

-Бала кезимден дастандарды аткарып калбадымбы. Сөздүн маанисине көңүл бурганыма ошол түрткү болду го дейм. Азыркы жаш ырчыларга көз карашым жакшы эле. Таланттуу балдар аябай көп, ырдай беришсин. Эми арасында бар жөн эле ырчы болуп алгандар, мен аларды азыр баса белгилеп айта албайм. Анткени саясатчылардай болуп чыгармачыл адамдар бири-бирибизди жамандабайбыз. Эгер таланты чынында эле жок болсо, ал бирөө сындагандан улам эмес, өзүнөн-өзү эле чыгармачылыктан четтеп калат.

-Байкасак, ырларыңыздын көбү эле жетпей калган сүйүүгө арналган экен. Чынында ошондойбу?

-Сүйүүмө жеткем. Ал менин жубайым Асел. Бул эми жөн гана чыгармачылык да. Балким ушундай темада ыр жазганды жакшы көрөт чыгармын.

-Учурунда продюсер менен иштешчү элеңиз. Жалгыз иштөөдө кыйынчылыктар бар бекен?

-Продюсер менен иштешкен жакшы, негизи. Эгерде жаңы чыгып келе жаткан ырчы болсо, чоң бийиктиктерге жетиш үчүн сөзсүз продюсердин жардамы керек. Менде жалгыз иштөөдө көп эле кыйынчылыктар болгон, болуп эле келатат. Азыр баарына өзүм чуркап, бирине жетишсем, бирине жетишпей калам. Бирок мен ушуга деле ыраазымын.

-Үй-бүлөңүздү ырдап эле багасызбы же дагы кошумча каражат тапчу булактарыңыз барбы?

-Кошумча каражат тапчу булагым жок. Ырдап, тойлордо кызмат кылып эле багып жатам. Бир убактарда кошумча бизнес аччу деле шарттарым бар эле. Бирок жаш болгондугума байланыштуу аны такыр ойлонбоптурмун. Машина айдап жүргөнүмө ыраазы болуп эле жүрө бериптирмин.

-А материалдык кризиске кабылган күндөрүңүз болду беле?
-Акчалай кризиске кабылган учурларым аябай көп болот. Андайда «эмне кылам эми?» деп отуруп калган да күндөр болгон. Анан достордун жардамы менен ал кырдаалдан чыгып кетем же болбосо тойлорго чакыруулар болуп калат. Кээ бирлердей болуп банктан эсеп ачып коюп акча чогулткандардан деле эмесмин.

-Балдарыңыз чоңоюп калыштыбы, канчага келишти? Жубайыңыз эмне менен алектенет?

-Улуу балам Акмырза «Сапат» мектебинде 2-класста окуйт, андан кийинки кызым Айсанат 6 жашта, анан кичүүбүз Мухаммед 6 айга толду. Келинчегим үйдө эле, үй оокаты, балдарды тарбиялоо менен эле алек. Ал кишинин иштегенин өзүм деле каалабайм. Балдарыма жакшы тарбия берип, мага ысык чайын сунуп турганы эле жетиштүү.

-Сизди карыганда дагы сахнадан көрө алабызбы же жашооңуздун агымы өзгөрсө чыгармачылыктан биротоло кетишиңиз мүмкүнбү?

-Мен ырдабай жүрсөм ичине бугу толгон баладай бакырып, жарылып кетишим мүмкүн. Ырсыз менин жашоом жок. Азыр го менин каражат тапчу жалгыз булагым – ырчылык. Кийин каражатым жетишип турса деле ырдай берем. Анткени мен чыгармачылыкка жөн жерден келип калган эмесмин. Манасчылар айтып калышат го, «түшүмдө сен манас айтышың керек деп аян берет» деп. Анын сыңарындай, мени дагы жан дүйнөм «ырдабасаң болбойт, Султан» деп турат. Анан карыганда мен чыгармачылыктан кантип кетип калам, даана бышып-жетилгенде? Улгайган сайын мааниси терең, элге калчу, алтын фонддо жазылып калчу чыгармаларды жаратып, кыргыз элиме кызмат кыла берем.

-Маегиңизге рахмат! Ийгилик каалайбыз! 

БУЛАК: Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу