Султанбекованын үнү Кудайга жеттиби?

Экс-вице премьер министр Чолпон Султанбекова Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болуп дайындалышы мүмкүн экенин айрым маалымат булактары жазып чыкты. Анда белгилүү болгондой, азырынча анын талапкерлиги ЖКнын Коргонуу, коопсуздук жана эл аралык иштер боюнча комитетине келип түшө элек. Бирок тиешелүү тараптардын макулдугу берилип, экинчи тараптын жообун күтүп турган чагы. Буга дейре бийлик алмашкандан бери бизнесине коркунуч жаралып, президентке үнү жетпей жатканын айтып ыйлактап жүрдү эле. Иши оңунан чыккан окшойт. Же берчүсүн берип кутулуп элчи болуп кетип жатабы?

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу