Суваналиев менен Мадумаров биригишеби?

Учурда бакылдап сүйлөгөн саясатчылардын өтмүшүнө кылчайып көрсөк, 90 пайызы коррупцияга айыпталган, ар кандай кылмыштарга кириптер болгондор экен. Эмне үчүн өлкөбүз оңолбой атат? Себеби, «коррупциянын символдору», ууру-кескилер саясый айдыңдан кетпей атканында…

Биз электен өткөрүп көрсөк, генерал Суваналиев менен Мадумаров оор кылмыштарга тартылбаганы, коррупцияга аралашпаганы менен башкалардан айырмаланып турат экен. Бул факт!

Мына ушундай адамдар акыл көрөңгөсү толуп турганда, тажрыйбасын мамлекетке пайдаланып калсак болбойт беле? Кыргыздын тыңчыкмалары бири ойго, экинчиси тоого тарта беришсе, алдыга жылуу да болбойт. Андыктан, акыл кошо турган аксакалдар, саясый элита ийри отурушуп, түз кеңешүү менен чыңалган саясый кырдаалдан чыгып кетүүнүн жолун издешибиз керек. Качанкыга чейин ыркырашып, бири-бирибизди ашата поктоп отура беребиз?

Ооба, Өмурбек Суваналиев «аты улук, супарасы курук» дегендей кызматта отурат. Коопсуздук кеңешинин орун басары. Мамлекеттик деңгээлде чече турган көрүнуктүү иши болсо аткарабы? Жөн эле убакыт өткөргөндөй. Бир дагы күч органынын жетекчилиги «Комиссар Каттаниге» берилбеди. МындаЙ күндөр улана берсе, эртең ал «тойдум байдын кызына» деп басып кетет. Анан досу Адахан Мадумаров менен тандем түзүп, парламентгик шайлоого аттанса, саясый элита, таза жаштар экөөнө оңой эле бурулушу ыктымал. Акчалуу олигархтар да тымызын миллиондорду сунушуп, «Бүтүн Кыргызсганды» көтөрүп кетишсечи?

Учурда капчыктуулар кайсы күчтөргө кошуларын көбүнчөсү чече элек. Күзгө карай такташуулар, партиялар менен жиктешүүлөр иши жанданса керек. Ток этери, биздин билишибизче, күзүндө генерал Суваналиев менен Мадумаровдун тандем түзүүсү толук мүмкүн. Аз гана убакыт калды, күбө болобуз.

Акын Бекчороев, АЗИЯnews

Аргумент.kg
Жооп калтыруу