Соттон Кожобек жеңди, бирок чындык өлгөн жок!

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев “Ачык саясат” гезитинин үстүнөн мындан бир жыл мурда чыккан макала үчүн доо арыз менен арызданып, Октябрь райондук сотуна кайрылган. Алгач ал гезиттен 300 миң сом өндүрүүнү көздөгөн, көп өтпөй доо арыздагы акчанын эсебин дагы жогорулатып бир миллион сом сураган. Октябрь райондук сотунун судьясы Майрам Дүйшембиева Кожобектин доо арызын канааттандырып, “Ачык саясатты” Кожобекке 300 000 сом төлөп берүүнү милдеттендирген чечим чыгарып берди. Сот Дүйшембиева мыйзамдын негизинде иш алып баргандан чочулап, гезитке басылган макаланы лингвистикалык экспертизага берүүдөн ачык эле баш тартып койду. Ошондой эле Кожобек Рыспаевдин акчалай сураган доо арызын негизсиз эле канааттандырып, ооругандыгы тууралуу далилдүү документтерин сурабай туруп, 300 миң, сом чечип берди. Биздин өлкөдө мына ушундай калыстыгы жок, акыйкаттыктан корккон соттор кетмейинче сот реформасы ишке ашпайт! Гезиттин редакциясы соттун чечимине нааразы. Ошол себептүү шаардык сотко кайрылабыз…

БУЛАК: Ачык саясат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу