Сооронбай Жээнбеков: Нооруз майрамыбыз эгемендүү Кыргызстан элинин ынтымагын чыңдасын, биримдигин бекемдеп, жаратман эмгегинин кайтарымын арттырсын!

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу мекендештер!

Сиздерди  Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм!

Күн менен түндүн теңелгенине туш келген Чыгыш элдеринин кылымдарды карыткан бул жаркын майрамы жаратылышты, адамдарды, коомду жаңыланууга, тазаланууга чакырат. Баба дыйкан жер айдап, үрөн сээп, келечектин камын көрөт.

Элибиз Ноорузду илгери  үмүт, жакшы ниет менен тосуп,  аманчылык тилеп, жакшылыкка умтулат. Быйыл дагы  өлкөнү өнүктүрүү боюнча алдыга чоң максаттарды белгилеп, келечекке багытталган кадамдарды жасап жатабыз.

Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып,  Кыргызстандын көп улуттуу эли көздөгөн максатыбызга жетебиз, кийинки урпактарыбыз сыймыктангыдай – гүлдөп өнүккөн жана кубаттуу мамлекет курабыз. Нооруз майрамыбыз  эгемендүү Кыргызстан элинин ынтымагын чыңдасын. Биримдигин бекемдеп, жаратман эмгегинин кайтарымын арттырсын.

Ар бир үй-бүлөгө жакшылыктарды, бакубат жашоо, бакыт-таалай алып келсин!

Дасторконубуз  нанга толсун, жергебизде  молчулук, тынчтык, жана биримдик  болсун!

Эгемендүү Кыргызстаныбыз алдыга ишенимдүү кадам шилтеп, гүлдөп өнүгө берсин!

Нооруз майрамыңыздар менен!»

БУЛАК: KYRGYZTODAY.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу