Сооронбай Жээнбеков кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзамга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара районундагы ишеним чаралары боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамына кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Макулдашуунун максаты Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара районунда коопсуздукту жана ишенимди бекемдөө, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо болуп саналат.

Макулдашуу терроризмге жана баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга, ошондой эле мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча кызматташууга мүмкүндүк берет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу