Видео — Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен Сочиде жолукту

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен Сочиде 9-февраль күнү жолукту. Бул тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды. Анда Жээнбеков Сочиге Путиндин чакыруусу менен келгени кабарланган. Кремль болсо жолугушуу бейрасмий форматта өткөнүн жазды.

Маалыматка ылайык мамлекет башчылар эки тараптуу маселелерди жана 2019-жылдын март айынын аягына белгиленген Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын талкуулады.

Жолугушууда Владимир Путин төмөнкүлөргө токтолду:

— Биз эми Кыргызстанда март айынын аягында өтчү кийинки жолугушууга даярданабыз жана сөзсүз түрдө экономикалык аракеттенишүү маселелери, ЕАЭБди бекемдөөнүн биргелешкен аракеттери боюнча сүйлөшүүлөрдү улантабыз — иштей турган маселелер арбын. Биз жалпы бажылык контурду коргоо боюнча маселелерди талкууладык. Орусия Кыргызстанга тийиштүү жардам берүү үчүн бардык аракеттерди көрдү. Миграциялык саясат маселелери боюнча биз Кыргызстан үчүн бул канчалык маанилүү экенин түшүнүп турабыз.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанда өтө турган мамлекеттик сапары март айына белгиленген.

Маалыматка караганда, мамлекеттик визиттин алкагында бир катар иш-чаралар болжолдонгон. Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын отуруму, эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн 500 өкүлү катышкан аймак аралык конференция өткөрүлөт. Мындан сырткары биринчи жолу Кыргызстандын жана Орусиянын окуу жайларынын ректорлорунун форуму өтөт. Анын жыйынтыгында бир катар макулдашууларга кол коюлат.

Булак: Азаттык

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу