Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге көңүл айтты

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Магнитогорск шаарындагы бир нече кишинин өмүрүн алган жарылууга байланыштуу орус президенти Владимир Путинге көңүл айтуу катын жолдоду.

Анда Жээнбеков каза болгондордун жакындарына өзүнүн жана Кыргызстан элинин атынан кайрат айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалаган.

Магнитогорск шаарындагы турак жайлардын биринде 31-декабрда жарылуу болуп, ал урап түшкөн. Баштапкы божомолдорго караганда, үйдө газ жарылган.

Жарылуудан тогуз киши каза тапкан. Отуздан ашык кишинин дайыны билине элек.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу