Сооронбай Жээнбеков: «Аймактарга эмне керек экендигин жакшы билем»

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  17-январда   Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушту.

Жолугушууда Президент кол койгон “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо
жөнүндө” Жарлыгынын алкагында өлкөнүн жакынкы жылдардагы биринчи кезектеги милдеттери
жана максаттары талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Премьер-министри болгон кезинде аймактарды өнүктүрүү концепциясы, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык системаларды өнүктүрүү программалары кабыл алынганын белгиледи. «Бул Жарлыктын максаты ушул программаларды ишке ашыруу болуп саналат. Ал бардык ички резервдерди толук пайдалануу менен аймактарды
өнүктүрүүгө багытталган. Мен аймактарды көп кыдыргам, областтын жетекчиси болгом. Аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн, аларга эмне керек экендигин жакшы билем. Аймактарга кайсы жетекчи барбасын, жергиликтүү калк менен болгон жолугушууларда бирдей эле көйгөйлөр айтылат – таза суунун жетишсиздиги, өнүкпөгөн ирригациялык система, социалдык объектилердин –
мектептердин, ооруканалардын, бала бакчалардын жетишсиздиги, начар жолдор, сапатсыз тейлөө”, – деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы бюджеттик жана инвестициялык каражаттар бир калыпта, ар бир аймактын кызыкчылыгына жана өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүшү керектигин белгиледи. “Бүгүнкү күндө жеңилдетилген пайыз менен берилүүчү насыялар, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каражаттары белгилүү бир план, системасы жок эле бөлүштүрүлүүдө. Айрым аймактар өнүгүп, башкаларга көңүл
бурулбай калып жатат”, – деп Президент Сооронбай Жээнбеков бюджеттик, кредиттик жана гранттык жардамдарды бөлүштүрүүдө региондук дисбалансты жараткан субъективдүү мамилен  жоюуга чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле жергиликтүү бийликтин укуктары менен милдеттерин күчөтүп, аны менен бирге аймактарды өнүктүрүүдө жер-жерлердеги маселелерди убагында чечүү максатында алардын жоопкерчилигин жогорулатуу зарылчылыгын белгиледи. Мамлекет башчысы бул багытта мыйзам базасын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурду. Президент
Сооронбай Жээнбеков парламент менен өкмөткө өлкөнү өнүктүрүү жана экономиканын туруктуу өсүшү үчүн Жарлыктын алкагында бийликтин бардык бутактарынын алдында турган тапшырмаларды аткарууда эриш-аркак иштөөнү сунуштады.
Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу