Сол чөнтөккө солонгон миллиондордон кабарыңыз барбы?

Көмүскөдө сол чөнтөккө кирип кеткен миллиондор четинен казынага кайтарыла баштады. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бирдиктүү депозиттик эсепке 29 миллион 988 миң 871 сом өлчөмүндө каражат которду. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты. Маалыматка таянып айтсак, учурда жалпы жонунан Финполдун атайын эсепке кайтарган каражаты 526 миллион 881 миң 859 сомду түздү.

Булак:argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу