Сизге мотивация берүүчү кеңештер…

1.Позитивдүү маанай

Мотивацияда маанайдын көтөрүңкү болуусу абдан маанилүү. Анткени, позитивдүү адамдар үчүн бир ишти баштап кетүү оңой. Жашоонун кандай гана кыйынчылыктары болбосун, аны жеңе билүү жаркын маанайда жүргөн адамдарга оңой болот.

2.Өзүңүзгө жаккан жумушту аткаруу

Адам качан өзүнө жаккан жумушту аткарганда гана бактылуу боло алат. Себеби, сизге жакпаган ишти аркалап жүрүп, күндүн кандай өткөнүн деле баамдабай каласыз.

3.Багытты алмаштыруу

Айрым учурда сиз өзүңүзгө жаккан жумушту аркалап жатсаңыз дагы, кандайдыр бир позитивдүү маанай жетишпеген сыяктанат. Мындай учурда жумуш ордуңузду алмаштырып, жашооңузга түстүү боёкторду киргизгениңиз оң.

4.Спорт менен машыгуу

Спорт менен машыккан кезде, денеңизден эндорфин аттуу гармон өндүрүлүп чыгат. Эгерде сиз өзүңүзду начар сезип жатсаңыз, адистер чуркоону сунуш кылат.

5.Мотивация берүүчү кинолорду көрүү

Биздин жашоодо кинолордун орду чоң. Ал сыяктуу мотивация бере турган кинолорду көп көрсөңүз, алардан өзүңүзгө керектүү энергия алууга жетишесиз.

6.Табигат менен тыгыз мамиледе болуу

Негизи эле таза абада сейилдөө, басуу абдан пайдалуу. Анткени табигат биздин маанайды көтөрүп, ден соолугубузду бекемдөөгө жардам берет.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу