“Сени Атамбаев президент кылган” догурунганды токтотуш керек…

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусун эки күн бою түрө кыдырып келди. Анын аймактарга чыгып, элдин абалы менен жакындан таанышышына бут тоскон адамдар да бар экен эй. Сооронбай Жээнбеков Баткенге барат дегенден мурун эле таасири күч баткенчи туугандарына “Сени Атамбаев президент кылып алып келген” деп айтасыңар деп план түзүп, чабарманын жөнөтүптүр.

Жаман нерсе жакшы менен аяктачу беле. Баткенчимин дегендин планы ишке ашпай, Сооронбай Жээнбековду эл аябай жак­шы кабыл алып, эл өз каалоосу менен шайлаганын билдирди.

Элдин абалы менен жакындан таанышып, ишин эл көздөп жаткан максат менен баштап жаткан президентке “Сени Атамбаев президент кылган” деп догурунганды токтотуп, иштегенге мүмкүнчүлүк берген жакшы го.

Атамбаев да эс алууга чыккандан кийин тынч жатсын да. Тизгинди биротоло өткөрүп берип.

Булак: «Жаңы Ордо» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу