«Семиз деп жазып нервиңерди коротпогула, эркектер» Бактыгүл Бадыева катуу талкууга алынды…

Ырчы Бактыгүл Бадыева азыркы учурда чыгармачылыктан алыстап, бактылуу үй-бүлөнү бекемдеп келе жатат. Ал эми ырчы айым өзүнүн инстаграм баракчасын активдүү колдонот. Бул ирет ырчы Бактыгүл үч кызын кесерево менен төрөгөнүн жазып, «Семиз, пемиз деп жазып убакытыңарды, нервиңерди коротпогула, айрыкча эркектер. Беш жылда үчтү кесерево жолу менен төрөп алгыла, анан көрөйүн силерди сулуулар суйкайганыңарды.»- деп каткырган быйтыкчалар аркылуу билдирүүсүн жазып калтырган. Чамасы, ырчы «сен толуп кеттиң, арыкта»- деген сындуу пикирлерден тажаган көрүнөт. Мындай билдирүүгө интернет колдонуучулардын айрымдары түшүнүү менен кабыл алса, айрымдары сын айтканын токтоткон жок.

БУЛАК:  argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу