СДПК партиясынын съездин Абдырахманов 3-апрелде өткөрөм деп жатат. Кимисинин өткөргөн съезди мыйзамдуу?

—Социал-демократтар партиясын калың катмары азыркы учурда көп жылдар бою жетектеп келген Алмазбек Атамбаевге нааразы болуп аткандары толук түшүнүктүү. Мунун эмнеси таң калычтуу? Атамбаев өзү аны моюнга алып атат. Эч кандай убадаланган реформалар ишке ашкан жок. Баягы эле акыйкатсыздык. Ушул Атамбаевге ишенип партия эбегейсиз чоң жоготууларга барган. Мына эми азыр уюшулган кылмыш мафиянын былык иштери чыгып атат. Эмне үчүн партиянын катардагы мүчөлөрү Атамбаевге суроо бере алышпайт? Же эмне алар ага жалданып, жеке фирмасында кызматкер же тили кесилген кул, укугу жок малайбы? Партия анын менчиги эмес! Жетекчи келет кетет, партия калышы керек! Ошондуктан мобул жерде кайсы бирөөлөр «партияны алып алуу, рейдерлик» деген сөздөр толугу менен туура эмес. Мен эски партиячыларды жакшы тааныйм. Сагынбек Абдрахманов бул кыймылды тээтиги эки жыл мурун эле баштаган. Ал кезде керек болсо азыркы президентибизге да сын айткан, ошол Фарид Ниязов комсомолдон беш бетер бир съезд өткөзбөдү беле эсиңердеби? Ошондо эле чыкпады беле Сагынбек «макул эмесмин» деп. Анан канча аракет кылып жүрдү. Жер жерлерди кыдырып, ар бир эски партиячыны издеп, эшик каккылап, өзүнө тартып, ишендиртип. Анан аягында мына масса ага ооду. Бул жерде кээ бирөөлөр бул аракет ак үйдүн планы, кайсы бир чоң күчтөрдүн демилгеси деп айткандар терең жаңылышат. Бул аракет партиянын эски мүчөлөрүнө тийиштүү. Алар Атамбаевге канча кызмат кылышты, канча жылдан бери канча колдошту мен аябай жакшы билем. Эми мына эсептешүүнүн мезгили келип жетти. Партияны бөлгөн -Атамбаев. Ага кимдир бирөө сын айтып, же макул болбосо ошол замат партиядан чийип салып атат. Мындай болбойт да. Партиянын ичинде талаш-тартыш боло турган эле иш. Эмнеге ал ошол сынчыларга партия боюнча жолдош катары жооп бербейт? Келсин дагы жооп берсин.

Булак: “Мантыш”

Сезим Мураталиева 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу