Света Тойгонбаева, айтымчы: “Сооронбай Жээнбеков сак болушу керек, душмандары күч алды”

Төлгөсү төп келген айтымчы Света Тойгонбаева NazarNews.kg сайтына байланышып, КР Президенти Сооронбай Жээнбеков тууралуу айтып берди.

—Менин сиздерге байланышканымдын себеби мага аян түшкөнүн айтышым керек. Ушул тапта президентибиз Сооронбай Жээнбековго карата кара пиар өтө күчөп, жер-жерлерде кабинет-кабинеттерде тактыдан тайдырабыз деп тымызын сүйлөшүүлөр башталды. Бул кишиге кара дуба тынымсыз окулуп жатат. Кыргызстандын эки облусунда эл көтөрүлүшү мүмкүн. Кара дуба тынымсыз окулуп жаткандыктан кара дуба президенттин ден соолугуна залалын тийгизет. Эмнегедир жанындагы ишенимдүү кишилери өтө алсыз. Азыртан баарын байкап турушу керек. Уялбай эле жолдорун тазалатышы зарыл. Менмин деген президенттер дагы жолдорун тазалатып турушат. Ага терикпеши керек. Кыргыз эли дагы акыркы күндөрү чектен чыгып бара жатат, бир дагы президент жагуу бул жакта турсун, өздөрүн-өздөрү жек көрө башташты. Өзүбүздүн падышаны сыйлашыбыз керек болчу. Эл ынтымакка келбесе болбойт. Президент эки жолдо турат. Бирок азыр ал киши жылаандан сак болушу керек, эмнегедир “пустой” жолду көрүп турамын…дагы президент тууралуу айтамын…

—Качан айтасыз?

—Аз күндөр аралыгында…

—Рахмат.

Света Тойгонбаеванын байланыш түйүнү: WhatsApp +996 771 066 806; 0709 21 78 58

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу