Света Тойгонбаева, айтымчы:“Маркум Темир Жумакадыровдун машинасында “кара дуба” болгон”

Бакиевдер бийликтен кара дубанын күчү менен кеткенин, Ислам Каримовдун каза болоорун айтып, төлгөсү төп келген төлгөчү, Света Тойгонбаеванын саясый төлгөлөрү так келет…

Өткөн 2016-жылы, сентябрда Темир Жумкадыровду, “Бул адам азыркы кызматында убактылуу гана иштейт. Көпкө отурбайт. Кызматка күтүлбөгөн жерден бирөөнүн колдоосу менен келген экен. Азыр концепция жазып, күч структураларын реформа жасайм деп киришип жатат. Бирок күтүлбөгөн жерден кызматтан кетет. Бул адам унааларга көп түшпөшү керек. Кырсыкка кабылып калышы мүмкүн деген аян түшүп жатат. Сак болушу керек”, деп айткан. Ошол маектен кийин төлгөчү Света Тойгонбаеваны кайрадан сөзгө тарттык.

— Темир Жумакадыров жаш болгону менен душманы бар беле же элдин көзү тийдиби?

— Темир Жумакадыровдун өлүмүндө сыр бар. Бул жигит Өкмөткө аябай жакшы кызмат кылам деген оюу болгон. Тилекке каршы муну ичинен көрө албагандар көп эле. Бул жигитке аябай көз тийген. Машинасында “кара дуба” болгон. Ушундай аян келип жатат. Маркумга аябай кара дубалар толтура жасалган. Бейиши болгур «кара дуба» боюнча жанындагы жардамчысыбы же шоопурубу билген, өзү дагы бул «кара дубанын» күчүнө көңүл бурушкан эмес. Маркумдардын арты кайрылуу болсун.

Дагы айтып койоюн мындай кара дубалар чоңдордүн көбүндө бар, этибар алышпай жүрүшөт. Мындай кырсыктар алдын-албаса мындай кырсыктар эл арасында бийлик арасында күндөн-күнгө күчөй берет. Ошондуктан бийлик менен эл бир ынтымакка келип, «тообо» кылып, Кыргызстандын 41 жерине түлөө өткөрүп, жакшылыкка тилек кылышы керек.

PS: Айтымчы Света Тойгонбаеванын азыркы аттуу-баштуулар, президенттик шайлоо тууралуу жана өлкөдөгү абалы боюнча түшкөн төлгөсүн тынымсыз жарыялап турабыз.

Гүлжан Шерипбаева

 NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу