Саясий күчтүү эрктин, тыкыр эмгектин натыйжасы…

Аракеттеги бийликтин коррупцияны ооздуктоого багытталган саясый күчтүү эркинин, укук коргоо органдарынын бир жылдык тыкыр эмгектеринин аркасында Бишкек жылуулук борборун модернизациялоодогу коррупциялык иштерди тергеп-тескеп, укуктук баа берүү иштери логикалык жактан ыраттуу түрдө аягына чыгарылууда.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык көрүнүштөр боюнча бардыгы болуп 5 кылмыш иши козголгон. Алардын үчөөсү боюнча тергөө иштери аягына чыгарылып, күнөөлүүлөргө айыптары угузулду.

Биринчиси боюнча, Бишкек ЖЭБ тиешелүү ремонт иштерине бөлүнгөн каражаттар боюнча сот жыйынтыгы өткөн жумада чыкты.

Алсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Электр станциялар” ААКнын Башкы директорунун мурдагы орун басары Бердибек Боркоевди жети жыл алты айга, мурдагы техникалык директору Алмаз Жусупбековду 7 жылга, “АйМар Энержи” ЖЧКсынын жетекчиси Темирбек Ниязовду 7 жылга, анын негиздөөчүсү Канат Деркинбаевди 6 жылга эркинен ажыратты. Ал ЖЧКга жетекчилик кылышкан Мамбеталиева Асел, Чодошова София, Асанакунов Иса, Пак Надежда сыяктуу дагы башка фигуранттар эмнегедир жоопкерчиликке тартылышпады, бирок ал өзүнчө маселе, эң башкысы – бир жылдан бери өлкөдө гана эмес, андан сырткары жерлерде да чоң резонанс жараткан, “Кылымдын аферасы” деп аталган кылмыш иштерине чекит коюлганы калды.

Бишкек ЖЭБ модернизациясы боюнча тергө иштери аяктап, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Кылмыш кодексинин эң оорлорунин бири – 303-берененин 2-бөлүмү менен айыпталып, ага алдын-ала макулдашылган кылмыштуу топко кошулуу аркылуу мамлекетке жалпы көлөмү 111 миллион 252 миң 797 доллар зыян келтиргени боюнча күнөө коюлду. Эгерде ал жактоочусу менен биргеликте айыптоо корутундусу менен таанышууну тездетсе, анын иши да сотко өткөрүлмөк, бирок ал белгисиз максатта айыптоо корутундусу менен таанышууну ыксыз создуктурууда.

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата да тергөө иштеринин аяктагандыгы маалымдалды. ЖЭБди модернизциялоодогу коррупциялык көрүнүштөр боюнча жалпысынан 12 адам камалса, калгандары боюнча тергеп-тескеп, сотко өткөрүү иштери жакында аягына чыгарылганы турат.

Кылымдын аферасындагы Сапар Исаковдун орду жана ролу

2009-жылы күзүндө, 2010-жылдын башталышында ЦАРИИнин ошол убактагы жетекчиси М.Бакиев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча Дүйнөлүк Банктын, Кытайлык ТВЕА компаниясынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ага ЦАРИИнин ошол убактагы протоколдук бөүмүнүн башчысы Сапар Исаков да активдүү катышкан. 2010-жылдын 7-апрелиндеги революцияда да анын Максим Бакиев менен АКШда жүргөндүгүн жакшы билесиздер. ТВЕА Бишкек ЖЭБин 200 миллион долларга, ал эми Дүйнөлүк Банк 150 миллион долларга реконструкциялоо тууралуу сунуш берген. ЦАРИИчилер ТВЕАнын суншун кымбат деп табышып, андан баш тартып, Дүйнөлүк Банк менен сүйлөшүүлөрдү улантуу тууралуу чечим кабыл алышкан. Анын сунушу кийинки бийликтегилер тарабынан да оптималдуу деп табылгандыктан Кыргызстанды 2013-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясына да Бишкек ЖЭБи 150 миллион долларга реконструкциялана тургандыгы киргизилген. Бирок, Сапар Исаков Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болгондон тартып, Дүйнөлүк Банк унутулуп, ТВЕА менен активдүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, натыйжада Бишкек ЖЭБинин 30 пайызын эле модернизациялоонун баасы 400 миллион долларга чыгарылып, акыркы сумма катарында 386 миллион доллар аныкталган. Мурда Дүйнөлүк Банк ЖЭБдин бардыгын 150 миллион долларга, ал эми ТВЕА 200 миллион долларга реконструкциялоого макул болсо, анын 30 пайызын модернизациялоонун эле 386 миллион долларга баалангандыгы мурдагы сүйлөшүүлөр, ЖЭБдерди оңдоп, ремонттоо боюнча дүйнөлүк тажрыйбадан кабарлары барларды дароо шектендирип, эстерине келтирүүлөрү керек эле. Бирок, ЖЭБге байланышкан мурдагы сүйлөшүүлөргө өзү катышкан Сапар Исаков кийинки баага каршы болгондун ордуна ТВЕАнын Кыргызстандагы эң активдүү лоббистине айланып, ал маселе боюнча Кытайга барып келгендиги, Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин соода боюнча өкүлүн ал маселе боюнча 18 жолу кабыл алгандыгы, ТВЕАга артыкчылык берип, анын сунушун ишке ашыруу боюнча ошол убактагы президентке бир нече кат киргизгендиги анын ал маселеде аябагандай чоң кызыкчылыгы болгондугун, же ал ошол убактагы мамлекет башчысынын конфиденциалдуу көрсөтмөсүн жан үрөп аткаргандыгын гана айгинелейт.

Президенттин аппаратынын тышка саясат бөлүмү – функциясы боюнча экономикалык маселелерге аралашканга ыйгарымы деле жок, ал тышкы иш сапарларды уюштуруп, аларды документтик жактан камсыздоого гана жооп берет. Бирок эмне үчүн ал орунду ээлеп турганда тийиштүү министрликтердин гана эмес, өкмөт башчысынын башынан да аттап өтүп, Бишкек ЖЭБи боюнча гана эмес, сырттан тартылган ири өлчөмдөгү каражаттардын куратору, ачыгын айтканда аткаруучу директору болуп алган?

Аферанын нускамачысы

Сапар Исаковдун артында ошол убактагы мамлекет башчысы А.Атамбаев тургандыгы, ал анын дилгир аткаруучусу гана болгондугу талашсыз. Эгерде Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо экс-президенттин кызыкчылыгы болбосо, бөлүм башчысы энтеңдеп келген күндө деле “ал сенин ыйгарымыңа кирбейт, сага башка иштер деле жетишет. Аларды өкмөттөгү тийиштүү адамдар менен тогоштуруп койгун, биргелешип иштей беришсин” деп коймок. Ошентип айтканга ал милдеттүү болчу. Бирок Сапар Исаковдун экономикалык иштерде таптакыр тажрыйбасыз, алды артын карабаган, мыйзамдуулук боюнча түшүнүгү деле жок, эпилдеген аткаруучу экендигин көргөндөн кийин аны иш жүзүндө сырттан тартылчу каражаттарга куратор кылып коюп, өзү каалагандарды аткартып турган. С.Исаковдун экс-президенттин конфиденциалдуу көрсөтмөсүнүн негизинде эки жылда Кытайга бир нече жолу барып, ТВЕАнын жетекчилерин ал айткандарга көндүргөнү, Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин соода иштери боюнча кеңешчисин 18 ирет ошол максатта кабыл алгандыгы кимге деле болсо түшүнүктүү болуп турат. Анын андай кызматы үчүн экс-президент С.Исаковду алгач “Газпром Кыргызстандын” директорлор кеңешине мүчө, анан президенттин аппаратынын жетекчиси, андан кийин премьер-министр кылган. Бирок, Сапар Исаковдун “Тазпром Кыргызстандан” тапкан кирешелери анын декларацияларында көрсөтүлгөн эмес. Биринчиден, мамлекеттик чоң кызматкердин чет элдик эмес, ата мекендик ишканалардын башкаруучу курамдарына киргенге укугу жок, ага мыйзам жол бербейт. Экинчиден, мамлекеттик кызматкер кирешелерин декларациясында толук көрсөтпөсө, ал үчүн 6 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Экс-президент Сапар Исаковду премьер-министр кылып коюп, өзү бийликтен кеткенден кийин да сырттан тартылган каражаттарды толук көзөмөлдөп турууну пландаштырды эле, бактыга жараша, андай ниети таш капты. Бирок алды арттарын карабаган эпилдеген аткаруучулардын жоон тобунун тагдырларын талкалап, темир тордун артына тыгып, өзү чет өлкөлөрдө сайрандап жүрөт. “Чычканга өлүм, мышыкка майрам” деген ушул. Эгерде экс-президент аркаларынан шыкап турбаса, алар өз ыктыярлары менен андай өтө ири өлчөмдөгү коррупциялык көз боёмочулуктарга бара алышмак эмес.

Мыйзамдуулукту, өлкөнүн кызыкчылыктарын тебелеп тепсөөнүн демонстрациясы

Укуктук маселелер, экономикалык иштер менен бир аз тааныштыгы барларды Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу улуттук мыйзамдуулуктун жана кызыкчылыктардын тебеленип тепселип, аларга каршы иштердин ашкере нигилисттик формаларда жүргүзүлгөндүгү таң калтырат, атүгүл үрөй учурат. Анткени, кийин 500 миллион доллар болуп кайтарыла турган макулдашуунун долбоору да даярдалбаган, алдын ала техникалык-экономикалык негиздемеси, сметасы түзүлгөн эмес, Кыргызстандагы аракеттеги мыйзамдарынын бирине да ылайык келбеген ЕРСтик келишим деген менен гана башталган. Эки тарап макулдашып, Бишкек ЖЭБиниң 30 пайызын модернизациялоонун көзөмөлдүк саны 386 миллион доллар болот деп аныктап алышып, шапкелерди, “от-каттарды” чыгарып алгандан кийин аткарылган иштерди кандай жол менен болбосун ошол санга жеткирүүгө аракеттенишкен. Ал максатта жергиликтүү базарлык баасы 2,5 миң сомдук кычкачтарды 640 доллардан, 30-50 миң долларлык лифттерди 350 миң доллардан, 1,2 миң долларлык өрт өчүргүч баллондорду 3 миң доллардан, 40-50 миң сомдук видео байкагычтарды 14-15 миң доллардан сатып алынды деп кириштешкен. ЖЭБдин түтүн чыгаруучу мору 16 миллион долларга демонтаждалды деп жазышкан. Мынча акчага ар бири 625 орундуу үч кабаттуу 8 мектептин имаратын куруп бүтөрүп, толук пайдаланууга берсе болот.

Арменияда кубаттуулугу 250 мегаваттык ЖЭБ 250 миллион долларга, Душанбеде кубаттуулугу 400 мегаваттык ЖЭБ 282 миллион долларга куруп бүткөрүлдү. Ал эми Бишкек ЖЭБине 120 мегаватт кошулгандыгы, 30 пайызы гана жаңылангандыгы үчүн 386 миллион доллар жумшалды. Ошондо биздеги ар мегаваттын баасы 3,2 миллион доллардан ашып кетип жатпайбы! Тилекке каршы, ЕРСтик макулдашуудагы мөөнөттөн бир жыл өтүп кеткендигине карабастан Бишкек ЖЭБин модернизациялоо дагы деле толук аяктай элек, дагы башка түйүндөрүнөн дефектилер чыгууда. Советтик мезгилде мамлекетке мындай зыян келтиргендердин бардыгы сөзсүз атылат болчу. Бизде азыр андай оор жазалар жок, бирок мыйзамдуулукту тебелеп, улуттук кызыкчылыктарга чыккынчылык кылгандар укуктук мейкиндиктеги эң катаал жазаларын алуулары керек. Колу менен кылгандарын моюндары менен тартуулары зарыл. Ошондо гана потенциалдуу коррупционерлер ойлоно башташат.

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу