Саясий куугунтук менен гана алектенген Атамбаев «камап жатат» деп сүйлөбөй эле койсо! Кимдин убагында куугунтук күчөдү?-Тизме

Экс-президент Алмазбек Атамбаев деле көр пендечиликтен жогору көтөрүлө албаган бирөө экенин далилдөөдө.

Кечээ, 7-апрелде ал Апрель революциясында каза болгондорду эскерүү иш-чарасында каза болгон балдарга жаны кейибей эле, өзүнүн бүгүнкү абалына кейип, өзү менен чогуу коррупцияга батып алышкан Сапар Исаков, Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматовдорду коргоп, жактап сүйлөдү.

Анан «Бүгүнкү бийлик саясий куугунтук кылып атат. Биз аларга 2 ай убакыт беребиз, болбосо чоң митинг өткөрөбүз, эл толкуп кетет» деп күпүлдөдү.

Албетте, көп сөз айтпай эле коелу, болгону Атамбаевдин убагында саясий негизде кылмыш иши козголуп, камакка алынгандарды жана мамлекеттен сырткары качып кеткендердин тизмесин жарыялайлы.

Андан кийин бүгүнкү күндө «коррупция», «мыйзамсыз баюу» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон экс-чиновниктердин тизмесин көрсөтөлү. Экөөнү салыштырып, ким чындыгында саясий куугунтук жасаганына өзүңүздөр баа бериңиздер.

Атамбаевдин убагында камалгандар жана кылмыш иши козголгондор, куугунтукталгандар:
1. Өмүрбек Текебаев
2. Садыр Жапаров
3. Камчыбек Ташиев
4. Мелис Мырзакматов
5. Акматбек Келдибеков
6. Өмүрбек Бабанов
7. Канат Исаев
8. Максат Кунакунов
9. Бекболот Талгарбеков
10. Бектур Асанов
11. Төрөбай Колубаев
12. Кубаныч Кадыров
13. Нариман Түлеев
14. Карганбек Самаков
15. Нарын Айып
16. Чолпон Жакупова
17. Дайыр Орунбеков
18. Саруу айылынын тургундары
19. Мелис Аспеков
20. Талант Мамытов
21. Сабыр Жапаров жана (Мекенчил партиясынын 12 мүчөсү)
22. Дина Маслова («Кактус-медиа»)
23. Алмамбет Шыкмаматов
24. Таалайкүл Токтакунова
25. Эрнест Карыбеков
26. Дастан Сарыгулов

Сооронбай Жээнбековдун убагында кимдер камалды жана качып кетти?

1. Сапар Исаков
2. Жантөрө Сатыбалдиев
3. Албек Ибраимов
4. Кубаныч Кулматов
5. Айбек Калиев
6. Аскар Шадиев
7. Икрам Илмиянов
8. Осмонбек Артыкбаев

Эми салыштырып караңыз, кимдин убагында чыныгы саясий куугунтук болгон экен? А.Атамбаевдин убагында резонанс жараткан коррупциялык иштер ачылган эмес. Анын убагында камакка алынгандар, кылмыш иштери козголгондор көбүнесе бийликке каршы сын айтып келгендери үчүн куугунтукка кабылышкан.

Ал эми С. Жээнбеков бийликке келгенден бери кылмыш иши козголгон чиновник саясатчылардын көпчүлүгү резонанс жараткан Бишкек ТЭЦиндеги коррупция боюнча камалгандар. Эгерде ТЭЦти модернизациялоодогу коррупция ачыкка чыкпаса, анда алар камакка деле алынмак эмес. Андыктан алардын камалышына бүгүнкү бийликти күнөөлөгөнгө таптакыр негиз жок.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу