САЯСАТЧЫЛАРДЫН ЖҮЗҮ ЖАНА СҮРҮ… САДЫР ЖАПАРОВ АБИЙИРДИН ТУТКУНУ

Садыр Жапаров абийирдин туткуну. Анын жана туугандарынын камакта калышы бул кыргыз бийлигинин абийирсиздиктин чегинен чыгып кеткенинен кабар берет. Кыргыз саясатында Садыр Жапаровдо жүз дагы, сүр дагы жетиштүү эле. Кыргыз бийлиги мына ушундан корккон. Муну өздөрү дагы, карапайым эл дагы жакшы түшүнөт.

Куну бүтпөгөн «Кумтөр» маселеси бийликтин талылуу жери. Садыр Жапаровдун камакка алынышынын негизги себеби ушул. Анткени, ал мындай маселени айтып чыгуудан, маселе койгондон жалтактаган эмес.   Садыр Жапаров  жүзүнөн, сүрүнөн корккон бийлик акыры камап тынды. Кылмыш ишинин жабырлануучусу делген Эмилбек Каптагаев мыйзамдуу түрдө андан доосу жок экени айтты, бирок бул эске алынган жок.

Мунун өзү сот жообуна тартылган Садыр Жапаровду эптеп эле катардан чыгаруу аракети болгондугун тастыктайт. Акыйкат үчүн күрөшкөн кыргыз саясатчыларынын ичинен Садыр Жапаровдун туугандарындай эч ким жабыркай элек. Массалык түрдө тууган-туушкандары камакка алынган мындай окуя дагы Кыргызстанда каттала элек болчу. Айрыкча, Садыр Жапаровдун атасынын уулун көрүүгө зар болуп, көз жумушу, ага атасы менен коштошууга уруксат берилбегени бул бийликке абийир алып келген жок.

Өзгөрүүнү бардыгы каалашат. Бирок, Садыр Жапаров окшоп, эч нерседен жалтанбай, каршы туруп, элине ишенип, алдында коркунуч турганына, бийлик камакка алаарын билип туруп кадам жасагандар жокко эссе. Садыр Жапаровдун башкалардан айырмасы ушунда.

Эске салсак, айтылуу Камчыбек Ташиевдин «кашаа операциясында» Садыр Жапаровдун катышып калган жайы бар. Камалды, акталды. Бирок, досуна окшоп, Сооронбай Жээнбековду үйүнө чакырып, тарабына өтүп, тынч жашоону каалаган жок. Анткени, анда абийир, намыс, милдет бар. Ал намыс-элдин жүгү, эртеӊи. Ал мындай максат үчүн үй-бүлөсү менен жабыр тартууда.

Өкүнүчтүүсү, Садыр Жапаров ишенип келген эл бүгүн аны коргоп алууга алсыз. Аны эле эмес Өмүрбек Текебаев баш болгон саясаттын курмандыктарын коргоп алганга кудурети жетпей турат. Анткени, «Ата Мекендин» лидери айткандай учурдагы бийлик элитаны түгүл, элди сындырды. Эл ичинде Садыр Жапаровдой эр-азаматка ишенгендерди сындырды.

Бүгүн кыргыз саясатында кимдер гана жок. Эптеп илээшип алгандар бутка чалынат. Алар элдин ар-намысы, абийири менен ойноп, мамлекеттин тонолушуна кайдыгер карап, керек болсо өздөрү кошумча болуп отурушат. Айрыкча кечээки казак Өкмөт башчысынын бажы тармагындагы коррупцияны ачыктап бериши мамлекеттин кадырына болуп көрбөгөндөй шек келтирди.

Алмазбек Атамбаевдин командасы шоопур, жансакчыдан баштап, жегичтерден турат. Аз убакыт калды деп эл өзүн соороткону менен анын жолун улантам деп Сооронбай Жээнбеков шымаланып турат. Так ушундай мезгилде Садыр Жапаров сыяктуу жүрөгүндө жалы бар азаматтардын камакта жатышы келечекке болгон ишенимге көлөкө түшүрүүдө.

Мыйзамсыз камакка алынган жана соттолгон Садыр Жапаров кыргыз саясатынын жүзү жана абийири. Садырды баары сатты. Акыреттик деген Камчыбек Ташиев досу бүгүнкү күндө Сооронбай Жээнбековдун тарапташы болуп кетти. Калгандары ооз ачканга жарабай отурат. Карапайым калктын аргасы жок.  Мындай абал качанкыга уланат? Качанкыга чейин Садыр Жапаров туугандары менен азап тартат? Ансыз дагы Садыр Жапаровго кол салынып, сындыруу аракети болду. Бүгүнкү күндө абалы кандай? Түрмөдөн чыкканда курчтугу мокоп чыкпайбы? Суроо көп, убакыт тар. Садыр Жапаровдун жүзү менен сүрү майтарылбашы керек эле….

Булак: Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу