Сауд Арабиясы Америкага биринчи жолу элчи айым жөнөтөт

Сауд Арабиясы биринчи жолу Америка Кошмо Штаттарына айым элчи жөнөттү. Бул кызматты мындан ары канбийке Рима бинт Бандар бен Султан бен Абдель Азиз Аль Сауд аткарат, деп маалымдайт «РИА Новости» басылмасы.

Сауд Арабиясынын башчысы Салман бен Абдель Азиз Аль Сауд канбийкени министрдин деңгээлиндеги элчи кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ал буга чейин аталган кызматтан уулу Халид бен Салманды бошотуп, аны министрдин деңгээлиндеги коргоо министринин орун басары кылып дайындаган болчу.

Элчи болуп дайындалган Рима Бандар канзааданын кызы. Бандар 1983-жылдын тарта 2005-жылга чейин Вашингтондо сауддук дипломатияны жетектеген.

Булак: Turmush

Аргумент.kg
Жооп калтыруу