“Сасык тумоодон” кантип арылабыз?

Азил-чыны аралаш

Илгери элибиз ооруну эки эле түргө бөлүп койчу экен, ысык анан суук деп. Бирок заман өзгөргөн сайын оорунун түрү көбөйүп, кээ бирлеринен тилиң чалынып калчу болду. Азыр суук тийсе, же тамагы кычышса, жөтөлүп калса аны айыктыруучу толгон-токой дарылар бар. Маселен, “тайлал хот”, порошоктой ак дарылар ушул илдеттерди кетирет деп аптекаларда сатыла баштады. Кайнак сууга сары май салып, аны ичип айыккандарды учурда издеп таба албайсың. Түркүн түстөгү сироптордон болсо баш айланат. Тилекке каршы аларың деле анчалык жардам бербейт экен.

Баарынан да ак үйдөгү кыйын чыкмаларды “сасык тумоо” деген илдет акыркы убакта сары чырмооктой басып баратканы түйшөлтөт. Төш белги тагынган эл өкүлдөрүнө кадимкидей “сасык тумоо” эрмешип алганы байкалат. Бири колубузду кайрып бакырткандарды түштөн кийин байкабадыкпы деп мойнун күйшөсө, экинчиси шапкесин баса кийин унаасы жок “парталаштарын” көргүсү келбегенин улам бежирейт. Эң “акылдуусу” кыргызстанды аймактарга бөлүп туруп ар кайсы өлкөлөргө “устукан” сыяктуу таратпасак жоголобуз деп тынчы кетет. Элдин тагдырына “күйгөндөрдүн” минтип карбаластап жатканына баш ийкегендер азыраак болуп, муштум түйгөндөр көбүрөөк болуп калганына миң мертебе тоббо дебегенде кантебиз. Эгерде Акылбек Жапаровдун “идеясына” байлансак анда кытайлар менен корейлер жергебизге батпай шыкалып калары калетсиз. Алар канча каражат коротконуна эмес кантип бейиш жерди ээлеп алсак деген ойдун тегерегинде келишээри турган иш. Дегеле кыргыздарды бапестеген, улуттук дөөлөттөрүнө, баалуулуктарына маани берген “мыктылардын” кескин түрдө жоголуп баратканына кооптонбой кое албайсың. Эл үчүн демиш болуп тескери учкан жагалмайларга суктанган “дөөпайлар” эгиздеп кеткени жакшы жөрөлгө дештин өзү натуура. Эмнеси болсо да коомчулукка коңгуроо кагууга мезгил келди окшойт.

Антсе да өөрчүп бараткан “сасык тумоодон” кутулуунун анык жолун табуу маселесине баш оорутпасак болбой калды. Ал үчүн 96чы спиртке керектүү медициналык жабдыктарды 24 саатка чейин салып, пайдаланчу ийнелерди ашыра кайнатып туруп ошол “эстүүлөрдүн” жамбашына, тилине салуу талапка ылайык келет. Андан кийин “күчаланы” азыраак дозада берип ээн талаага кое бериш зарыл. Ошол жактан башына толгон “заарын” башкаларга зыяны тийбегидей кылып чыгарып анан келишсин. Албетте, муну толук ишке ашыруу үчүн элдик дарыгерлердин күчтүүлөрүн топтоп анан ийге келтирүүнү да эстен чыгарбоо кажет. Ак үйдү байырлаган көпөс депутаттардын мелжегени жалаң байлык болуп калгандыктан өлкөнүн казынасы күндөн-күнгө кунарынан кетип калганы карапайым элди санаага салууда. Балким чымырканып туруп ушулардан бир силкинип кутулуп алсак кантет деген талылуу суроо күн өткөн сайын курчуп баратат. Айрыкча Кожобек Рыспаев, Акылбек Жапаров, Канат Исаев, Исхак Пирматов, Камчыбек Жолдошбаев сыяктуулардан арылбасак солкулдак көпүрөнүн үстүндө отургандай боло беребиз. Өкмөттө да кудум ушуга окшогондор балалап кетти. Анда эмесе “сасык тумоодон” кутулуунун жолдорун билгендер бизге байланышкыла, чогуу ишке киришели!

С. Жоосаяров

Булак: Ачык сөз гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу