Сарымсактын «стресстен» арылтабы? Кантип?

Сарымсак дегенибизде алгач эле оозубузда пайда болгон жагымсыз жытты элестетебиз. Антибиотик катары колдонулган сарымсак айрымдарына жакса, айрымдарына жакпашы мүмкүн.

Сарымсакты чийки жегенде организмге пайдасы

Эртең менен ач карын сарымсакты жеген организмге абдан пайдалуу. Анткени, ал организмдеги микробдорду өлтүрүүгө жардам берет. Өзгөчө кышкы суук абада гриппке, фарингит ооруларына кабылбайм десеңиз, анда бат-баттан сарымсакты ач карын колдонуп туруңуз. Муну менен бирге астма, ревматизм жана ар түрдүү инфекциялык оорулардын алдын алат.

Ысытманы түшүрүүгө жардам берет

Сарымсакты “Табигый дары” деп айтсак жаңылышпайбыз. Анткени, ал организмге кирди дегиче тердетүүчү касиетке ээ жана иммунитетти бекемдөөчү мыкты азык.

Канды тазалайт

Кандагы уюп калган тромбтторду тазалоого жардам берет. Кандын түзүмүндөгү кантты бирдей кармоого жана кан басымды түшүрүүгө дагы жардам берет.

Стрессти азайтат

Сарымсак мыкты антиоксидант каражаты болгондуктан, организмде пайда болгон турдүү оорулардын алдын алуу менен бирге стрессти дагы азайтат. Себеби, ал кычкылдануу балансын сактап турат.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу