Сариев сөзүнө турду!

Жакында КР Илимдер академиясынын тарых инстутунда Бишкек баатыр тууралуу илимий-конференция болуп өттү. Ага кыргыздын белгилүү тарыхчылары, Бишкек баатыр фондусунун өкүлдөрү, анын урпактары жана мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев катышты.

Былтыр дал ушул Илимдер Академиясында Кыргыз тарыхын илимий изилдөөгө байланышкан конференция болуп өткөн. Ал конференцияга катышкан “Ак-Шумкар” саясий партиясынын ли-дери Темир Сариев кыргыздын та-рыхын изилдөөгө жана бекемдөөгө жыл сайын 100 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам берерин убадалаган болчу. Бул акча каражаты атайын тарыхчылар арасында конкурс жарыяланып, Кыргызстандын түптөлүшү, тарыхый инсандар жана кыргыз элине байланышкан баалуу маалыматтар далилдүү фактылар менен изилдеп чыккан окумуштууга кошумча сыйлык катары берилмекчи болгон. Ага улай бул жылы Бишкек Баатырдын 140 жылдыгына байланыштуу Бишкек баатырдын тарыхын изилдөө демилгеленген. Ошентип аталган сынактын жыйынтыгы менен, жеңүүчүсү деп тарыхчы Рыскул Жолдошов табылып убадаланган сыйлыгын алды. Ал эми кийинки жылдан тарта Илимдер академиясынын тарыхчыларынын демилгеси менен тарыхый тапшырма берилип, бул жөрөлгө салт катары улана бермекчи. “Мен былтыр ушул жерден Бишкек баатырдын тарыхый орду тууралуу тарыхчылар арасында илимий-популярдуу эмгектер боюнча сынак жарыялоону демилгелегем. Бүгүн, Илимдер Академиясынын тарых институту, “Бишкек баатыр” фондусунун мүчөлөрүнөн турган комиссия сынактын жыйынтыгын чыгарды. Жыйынга катышып, Бишкек баатыр боюнча мыкты эмгектер менен таанышып, сыйлыгымды ыйгардым.”- деди Т.Сариев.

Булак: «Майдан»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу