Сариев менен Малабаев камалабы?

Өлкөнүн башкы көзөмөл органы Темир Сариев өкмөт башчысы болуп турганда каржылык булактарын аныктабай туруп баштаган Балыкчы–Корумду жолунун курулушуна байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Балыкчы – Корумду жолунун курулушу – өлкө өз бюджетинен каржылап жаткан алгачкы ири долбоор. Ал 2015-жылы башталган жана 2017-жылы декабрь айында пайдаланууга берилмек, бирок башынан ызы-чуу менен коштолуп жол дале бүтө элек. Бул жолдун курулушу боюнча Темир Сариев менен ошол кездеги транспорт жана жол министри Аргынбек Малабаев араздашып, экөө тең кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Ал эми ошол кездеги өлкө башчысы Атамбаев Темир Сариевди “бюджетте акча жок болсо деле курулушту баштап салышкан. Бул өлкөгө каршы диверсия” деп айыптаган. Сариев болсо дооматтарды четке кагып, министрликти айыптаган. Бул жолду курууга 2015-жылы төрт компания тендерге катышып, кытайлык «Лонг Хай» ишканасы жеңүүчү болуп табылган. Бирок бул компаниянын дарегине “лицензиясы жана жол куруу тажрыйбасы жок, тендер мыйзамсыз өттү” деген сындар айтылып, ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев менен транспорт министри Аргынбек Малабаевдин бири-бирин айыптаган тирешине алып келген. Ал гана эмес Жогорку Кеңештин депутаттары Темир Сариев премьер-министр болуп турганда «лицензиясы жок, аны берүү үчүн бир жыл убакыт керек» деп жаткан өкмөт кытайлык “Лонг Хай” компаниясына уруксатты кандайча бат эле бере калды деп таң калышканын Жогорку Кеңештин трибунасынан айтып чыгышкан. Ал эми бул чырды иликтеген депутаттык комиссия «Тендери да мыйзам бузуу менен өткөрүлгөн. Комиссия деле карады…» деп айтып чыгышкан. Айрым массалык маалымат каражаттары тендерди утуп алган кытайлык компаниянын өкүлдөрү тарабынан Сариевдин жардамчысына 6 миллион доллар пара берилгени айтылып, чоң чуу чыккан. Натыйжада, бул жол чыры боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө бүгүнкү күнгө чейин аягына чыга элек. Бирок, башкы прокуратура кайрадан «Балыкчы-Корумду жолун курууда мамлекетке ири суммада зыян келтирилген» деп, Кылмыш-жаза кодексинин 166, 304 жана 306-беренелеринин («Алдамчылык», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Өлкөнүн кызыкчылыктарына каршы келген сатып алуу») негизинде иш козгоду. Демек Балыкчы-Корумду жолу боюнча Темир Сариев менен Аргынбек Малабаев мыйзам негизинде тийиштүү жаларын алат деп ишенсек болобу?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу