Сариев дагы Бабановдун чачпагын көтөрөбү?

Учурда президенттик жарышка түшкөн аткаминерлердин белдүүлөрү биригүүгө барып
жатышат. Көбү Бабанов менен Жээнбековдун айланасына топтолууда. “Аялдын эрден
көңүлү калбайт” дегендей, кимдер ажырашып, кимиси алып, кимиси тийип жатат? Үгүт
эмес эле, «бал айы» болуп кетти го бул жагы дегендер четтен чыгат. Алсак, өз алдынча
бирдиктүү талапкер чыгара турганын айтышкан төртилтик чачырап, Ахматбек
Келдибеков менен Камчыбек Ташиев Сооронбай Жээнбековду колдой турушканын
билдиришти. Ал эми Адахан Мадумаров менен Бакыт Төрөбаев Өмүрбек Бабановдун
этегин кармап кетишти. Учурда Азимбек Бекназаров менен Темир Сариев кимдин
колтугуна баш катышты ойлонуп жатышкан кез. Эл арасында айтылып жаткан
имиштерге караганда, Өмүрбек Бабановдун чачпагын көтөргөнү жатышканы кеп
болууда. Бирок алдап кетпейби деген кооптонуу күч болгондуктан, Сариев
кандидаттыгын албай эле шайлоонун акыркы күнүнө чейин барып, анан Бабановду
колдой турганын айтып чыгышы мүмкүн экен. Арийне ал талапка Бабанов макул болбой,
талапкерлигиңди аласың деп көшөрүп жатыптыр…

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу