Сапар Мурзакулов, журналист: “Алмаз Атамбаев акыркы үмүтү аялдарда калганын кыйытып, акырын жылып чыгып кетти”

Тогуз толгоо бир келдиби?
Бүгүн “Форум” ишканасынын имаратында Атамбаев баш болгон, Карамушкина төш болгон КСДПчылар журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. А дегенде Атамбаев айтчу сөзүн айтып, акыркы үмүтү аялдарда калганын кыйытып акырын жылып чыгып кетти. Андан кийин маалымат берүү үчүн калган жетөө кенен отуруп жебирегенге өтүштү.
“Ал эле, бул эле апийимдин гүлү эле” дегендей алардын айткандарына таянсак бүгүнкү күндө ЖЭБ боюнча жемкорлукка шектелип отургандардын баары сүттөн ак, айран аралашкан эмес экен. Анда ЖЭБдеги акчаны ким жеди?… Дагы биринин (атын билбедим) далдыраганы боюнча ЖЭБ курулбаса элдин баары ошол кышта торойуп, тоңуп өлүп калмак экен. Ээ айланайын калайык тээ Советтик Кыргызстандан мураска калган ЖЭБди АШАнын учурунда курулган деп оозу мурду кыйшайбай айтты даа калды. Катары менен калптарды катыра ура беришкендиктеринен өздөрү уялбаса дагы карап отурган биз уялгандай болдук. КСДП өтө сонун таза болчу аны булгагандардын көбү Жогорку Кеңеште депутат болуп отурушуптур. “КСДП Атамбаевсиз” кыймылын уюштурган Асылбек Шарипович Жээнбеков дешти. Эгерде Асылбек Жээнбеков башында турбаганда Сагынбек Абдыракманов деген ким ал (пешка), өзү жалгыз эч ким эмес деп Кундуз Жолдубаева кобурады. Бүгүнкү маалымат жыйынындагылардын маалыматында жалаң бийликтен кордук көрүп, куугунтук болуп жаткандыгын айтышат. Күн сайын камоолор болуп, алар жалаң АШАнын тарапташтары имиш. “Жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” деген кеп бекеринен чыккан эместир. Эч бир далили жок эле кулагынан сүйрөп барып камап салууга болобу. Эгер андай болсо бакылдап жаткан ЖКнын депутаты Карамушкиндин кызы кантип эле карап отуруп алды. КСДПны оор акыбалга жеткирген “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдырахманов болуп жатыптыр. Сагынбек Абдырахманов бул кыймылды баштабаганда баардыгы бир калыпта болуп, мурдагыдай эле жемкорлук менен уурулукту уланта албай калышкандыктарына катуу кападар болуп жаткандыктарынын кабары десек болчудай.
ЖЭБдеги жемкорлуктун башында Асылбек Жээнбеков болуш керек болчу, азыркы бийлик андан кыйгап өтүп капыстан Сапар Исаковду кармаганына түшүнө албай жатышыптыр. Анысына да майли дейли. Кечээ жакында кытайларга каршы өткөрүлгөн митинг өтүп жаткан учурда Карамушкиндин кызы Ала-Тоо аянтында сейилдеп жүрүп, ага чейинки кабарланган митинг жөнүндө таптакыр укпаптыр. Мындай чындыкка таянсак Бишкек эмес дүйнө жүзүнө жайылган чуулу митингди укпай калган ЖКнын депутатынын жолу болсун дейбизби. Кийинки ЖКга боло турган шайлоодо АША КСДПнын тизмесинин сап башында болоорун Кундуз Жолдубаева ачык жарыялады. Андай болсо АШАнын күнү азыркы маалымат жыйынындагы аялдарга түшүп калганынын ачыктан -ачык кабары болду. Анткени Асел Кодуранова АША менен Президентти элдештирүү аракетин көрүп, ортомчу болгондо АША даярданып отурса Президент келбей коюп, АША аябай капаланыптыр. “КСДП Атамбаевсиз” кыймылына кыйла жардам берип жаткан мурдагы фракция башчысы Иса Өмүркулов дешти. Анда бүгүн КСДП фраксиясын ким башкарып жатканынан ким кабардар кылат деп оозубуз Ошту карап отурабыз. Бүтүндөй жамы-журтка карандай калпты токуп, жөө жомокту жобурагандарына караганда булардын “тогуз толгоосу бир келип калган шекилдүү” .

Сапар Мурзакулов, журналист

Булак: Kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу