Сапар Исаков экс-президентти ала жатканы калдыбы?

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш иштер боюнча Жогорку Кеңеште маалымат берип, 386 миллион долларды сугунган «коррупциялык иште уюштуруучу» катары президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Сапар Исаков турганын ачыкка чыгарды. Иш документтик негизде далилденип, Исаков кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап, өкмөттүн укуктарын өзүнө ыйгарып алуу менен компанияны тандоону, келишимдин баасын бекитүүнү жана кол коюуну уюштурганы аныкталганын билдирди. Ошону менен бирге Исаковдун экс-президент менен жазышкан каттары бар экенин, ал дагы «коррупция» беренеси боюнча өзүнчө тергелип жатканын, жакында укуктук баа берилерин кошумчалады.

Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу