Сапар Исаков уурдаган деп шектелген акча — 311 бала бакча курууга жетмек экен

Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргөн тергөөдө сарпталды делген 386 млн доллардын 111 миллиону сол чөнтөккө солонуп кеткени белгилүү болду. Кытайдан келген шарты катаал бул насыяга аяр мамиле жасабай, мамлекеттин эртеңки күнүн ойлобой уурдагандардын алды камакта жатса, негизги “күнөөкөр” кол тийбестигине жамынып жоопкерчиликтен убактылуу кутулуп турат.
Негизи Кытайдан алынган насыя эки пайыздык чек менен берилген. Демек, 111 млн доллардын да 2%дык үстөгүн мамлекетибиз, карапайым элибиз кайтарып бериши керек. Бул сумманын үстөк пайызын кошуп эсептегенде Кыргызстан 111 млн. доллар уурдалган акчаны 156 млн. доллар кылып кайтарууга аргасыз. Мындан ары ала кушту атынан атап, ТЭЦтен 156 млн. доллар сол чөнтөккө кеткен деп айтсак болот. Бул акча жоголбогондо, мамлекеттин казынасында калганда кандай иштерди бүтүрсө болмок? Биз ошого анализ жасап көрөлү. Учурда 1 доллар 70 сомго барабар. Биз ушул акыркы курс менен эсепке алып чыгалы.
Кыргызстанда ичинде спорт залы, ысык суусу, ажатканасы бар заманбап мектепти салууга 70 млн. сом, же 1 млн. доллар кетет. Буга чейин Жер үй алтын кенине лицензия берүүдө түшкөн 100 млн. долларга жалпы өлкөдө 100 мектеп куруу пландалып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда ал да аягына чыкпай калганы далил боло алат. Андыктан ТЭЦтен уурдалган 156 млн. долларга Кыргызстанда 156 мектеп салууга болмок.
Кытайдан келген карыздан уурдалган бул суммага 800гө жакын ар кандай социалдык имараттарды да курууга болмок. Буга анык мисал, жакында эле Кадамжай районунун соттук имаратын толук бүтүрүүгө 14 млн. сом которулган. ТЭЦтен уурдалган 156 млн. долларды улуттук валютага айландырганда 10 млрд. 888 млн. сом болот. Орточо социалдык имарат 14 млн. сомго бүтүп жатканын эске алганда аталган суммага 776 имаратты жаркыратып салып, он миңдеген адамдардын ажаты ачылмак.
Кыргызстанда бала бакча жетишпей, бир тайпага 70-80ден ашуун наристелер тыгылып, жаш муундар кыйын абалда чоңоюп жатканы жашыруун эмес. Биздин өлкөдө 150 орундуу бала бакча салууга орточо 35 млн. сом жумшалып жүрөт. Муну АКШ долларына айландырганда 500 миң, же жарым миллон доллар. Ал эми чиновниктер ТЭЦтен эле сол чөнтөгүнө салып алган сумма 111 млн. доллар болсо, элдин төлөй турганы 156 млн. доллар. Эгер бул каражат уурдалбай, казынага кайтарылганда 150 орундуу 311 бала бакча салынып, 50 миңдей жаш наристенин тилеги орундалмак.
Бишкек ТЭЦинен уурдалган акча сөзсөз казынага кайталырып, ага жол бергендер катаал жазага тартылышы керек. Бул башка чиновиктерге да сабак болуп, мамлекетти күрөөгө коюп алынган насыяларды уурдоо кан буугандай токтотулса.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу