Сапар Исаков: Орусиянын дагы бир базасын ачуу тууралуу сүйлөшүү жүрүүдө

Кыргызстан менен Орусия кыргыз жергесинде дагы бир орусиялык авиабаза жайгаштыруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн “РИА новости” агенттиги премьер-министр Сапар Исаковго шилтеме менен жазып чыкты.

Агенттиктин “Президент Алмазбек Атамбаев Орусия Кыргызстанда, Тажикстан менен чектешкен жеринде экинчи аскерий база жайгаштыра алат деп буга чейин айткан. Бул боюнча орус тарап менен сүйлөшүү жүрүп жатабы?” деген суроосуна Исаков:

— Тиешелүү министрликтердин деңгээлинде бул маселе боюнча консультациялар өткөн. Кыргызстан өзүндө гана эмес, жалпы аймакта коопсуздукту камсыз кылуу үчүн түштүктө аскерий база жайгаштыруу зарыл деп эсептейт. Бирок азырынча эки тараптуу акыркы чечим жок. Бул боюнча сүйлөшүу жүрүп жатат, — деп жооп берди.

Өткөн аптада Сапар Исаков расмий сапар менен Москвада болуп бир катар расмий жолугушууларды өткөрдү.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында Кант шаарында аскерий база ачылган. Ал Орусияга таандык.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу