Сапар Исаков Бакиев мезгилинде оппозициянын башкы сөз ташыгычы болгон…

Коррупцияга шектелип абакта отурган “Сапар Исаков кезинде саткын болгонун” КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков соцтармакта билдирди.

Посттогу комментарийди Мамлекеттик башкаруу академиясына ректору Алмазбек Акматалиев сүрөткө алып, социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына жарыялады.

“КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жаш активист Темирлан Султанбеков Фейсбуктагы талкуунун жүрүшүндө сенсациалык маалыматты айтып салды. Ал Сапар Исаков Медет Садыркуловдун кадры экенин, Бакиевдин аппаратында иштеп жүргөндө оппозициянын эң башкы информатору болгон”, – деп жазды дейт ректор. “Бакиевдин аппаратында жүрүп, ал бардык информацияны Атамбаевге жана ошол кездеги оппозицияга жеткирип турган. Башкача айтканда, ал саясий саткын болгон. Муну бүткүл кыргызстандыктар билиши керек! Бир гана Атамбаев өзүнүн командасына саткынды чакырмак!”, – деп кошумчалаган Алмазбек Акматалиев.

Булак: «Кабар инфо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу