Сапар Исаков актаанарга аргумент таппай, “саясый куугунтук” деп жатат

Чындыгында мурдагы премьер-министр С.Исаковдун Бишкек ЖЭБиндеги дайынсыз жоголуп, жарытылуу модерназиция иштери жасалбаган чуу боюнча УКМКга суракка чакырылышы күтүлүп-күтүлбөгөн жагдай болчу. Анткени ал ушул долбоорду ишке ашырган кытайлык ТВЭА компаниясы менен келишим түзүлгөндөн тартып, өткөн кышта беш күндүк суукта авария болгонго чейин башында туруп, түздөн түз да, кыйыр да түрдө көзөмөлдөп турган жетекчилердин анабашы болуп саналат. Бирок мурда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы катары чарбалык иштерге аралашууга ыйгарым укугу болбосо да тиешелүү министрликтер менен жетекчилердин макулдугун алдырткан. Бул тууралуу мен эмес, өткөн жумада ЖЭБ “мафиясын” иликтеген Парламенттеги депутаттык комиссиянын мүчөлөрү  айтып чыгышты. Кийин, аврия болгон учурда  өкмөт башчы катары түздөн-түз жооп берүүгө милдеттүү.

Ооба, азыр Пушкиндин “Балыкчы жана балык”  тууралуу жомогундагы каармандай заматта ооматы ооп, жерге түшүп калган экс-премьер-министрдин акыркы күндөрү бир буту УКМКда болуп атат. Анткени бүгүнкү күндө коомчулук менен көзөмөл органына, Президентке ЖЭБдеги авариянын себеби эмес, дайынсыз жоголгон 386 млн. АКШ доллары кайда жумшалгандыгынын, 600 долларлык кычкач, 1450 доллар видеокамера, кеңешчиге берилген 6 миң доллар, ар кандай чыгымдарга жумшалган ондогон млн. долларлардын дайынын табуу керек. Эми ушул суроолордун жообун С.Исаков билбегенде мен билмек белем. Баса, ТВЭАнын да башкы бухгалтери  болгон мурдагы С.Исаковдун оң колу, 1-вице-премьер-министр А.Шадиев кайда? Ал эмнеге депутаттык комиссиянын отчету угулардан мурда дайын-дареги билинбей жоголуп кетти? Жада калса ошол адамдардын төшөгүнө чейин аңдыган УКМКнын өзү “эч жакка чыккан жок…”,- деп сыйпалап калды.

Баарынан да С.Исаковдун “Алмазбек Шаршенович өзү баш болуп, командасы түз, таза иштеген…”,- деген сөзү элдин күлкүсүн да, кыжырын да келтирүүдө. Бул деген “карышкыр койлорду жеген эмес”,- дегендей эле анткорлукка барабар эмеспи. Сыягы, булар дале элди маңыроо ойлошуп, алдайбыз дешсе керек.

Анан С.Исаковдун “Саясый куугунтук болуп атат, баарынын аты аталыш керек…”,- дегени актанарга аргументи калбай калып эле каратып туруп калп айтуу эмеспи. Баса, азыр кыргыз эли саясат, паясатыңды жыйыштырып коюп, А.Атамбаев менен С.Исаковдун тушунда Кытайдан алынган астрономиялык суммадагы карызды кантип төлөйбүз деп баш катырышууда. Беш жылдан кийин жылына 300 млн. доллардан кайтарышыбыз керек экен…

Канат Курманбеков, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу