Сапар Исаковду айтып, Урмат Акунов көз жашын төктү…

-Урмат мырза, азыркы Өкмөт башчынын такыр оозуңуздан албай турасызда…Эмне үчүн?

—Кыргызстандын жана Алмазбек Атамбаевдин эрке баласы Өкмөт башчы Сапар Исаковдон коом арасында карапайым эл үмүтү чоң эле. Тилекке каршы эл үмүттөнгөн жаш диполомат эл күткөндөй болгон жок. Анткени бийликке келер замат “Таза коом” деп долбоорун атап, элге Кыргызстанда жок техниканы элге сунуштады. Бул техника азыркы күндө айыл өкмөт менен акимдер жана өзүнүн эле тегерегиндеге тактап айтканда өздүк кабинетиндеги адистери ыкчам жана тез ар бир ишке чара колдонуп ошол жерде мобилизация түзө албагандыгы айдан –ачык болду. Буга далил катары айтсак, Ош-Бишкек жолунда Жаңы жыл тосууга бирөө үйүнө кайтууга жер ар кандай шарт менен Бишкекке келүү жолунда Ош-Бишкек жолунда карт күрткү болуп эл жолдо калганда электрондук көчмө жыйын өткөрүп, элдин көйгөйүн чече алган жок. Ошондой эле “Таза коомду” колдогон эл өкүлдөрүнүн тарапташтары “Таза коомду” коюп, айылдарга таза суу чыгарып, элдин маселесин чечпейби деген сын-пикирлер жаады. Ал тургай бул долбоор ачыкка чыгып көгүлтүр экрандан уу-дуу болуп мактап жатканда эл ошондо эле бийликтин “Таза коомун” “Таза коон” деп шылдыңдашкан. Биз Сапар экөөбүз бала кезден дос элек. Сапар бийликке келгенде мен жеке жаран катары бул Сапардан кыргыздын жугун көтөрүп кете турган аткаминер болот го деп чоң нерсени күткөн болчум. Биринчиси Сапардын атасы ыраматылык Жумакадыр ата көп жакшы акыл-насаатын айтчу жана ал киши бала кезинен чоң кызматтарда кызмат өтөп кары-жашка бай-кедейдин тагдырын жана келечегин терең ойлонуп изилдеген киши болгон. Мен Сапардан ошол сапаттарды ата уулу болот деп күткөм.

—Сапар досум барымтада калды дейсиз, кандайча?

—Сапар карапайым таза үй-бүлөдө өскөн. Бүгүнкү күндө мага Сапар барымтада калгандай сезилет. Туура бир чети түшүнсө болот, “таза коом”- деген өтө чоң жүктү моюнга алды. Экинчиси, бул адамды “протокол” деген шылтоосу Сапар досумду “Таза-Коомдон” бөлүп туңгуюкка алып бараткандай сезилет. Сапардын бир эрдигин баалай кетиш керек. Бийлик менен кандай мамиле кылса дагы Сапар жаш премьер болуп олтурат. Ошондой эле президенттик шайлоону ачык-айкын жана бийликке жагымдуу өткөрүп берди. Биринчи иш сапарын Кум-Төрдөн баштаганда Садыр Жапаровдун ак карасы ачык-айкын териштирилип, Кум-Төр Кыргызстандын келечеги үчүн иштейт деп үмүт артканмын. Бирок бул иш дагы аягы жок туңгуюкта калды. Үчүнчүдөн коом арасында адилетсиз сот жана мыйзам бузууларга чекит коюлуп, адам укуктары корголот деп күткөнбүз. Бирок бул дагы ишке ашпаган кыял боюнча кала берди…

—Сапардын бүгүнкү күндө ээлеген кызматынан кетирет экен деген сөздөр да чыгып жатат бул нерсеге кандай карайсыз?

—Кыргызстандын тарыхында келген премьерлер өз программасын аягына чейин ишке ашырган иштер болгон эмес же болду беле? Кудай сактасын Өкмөт башчылык үстөлдө олтургандар деги бир жакшылык көргөн жок. Бири белгисиз себептер менен автокырсык менен кайтыш болгон, кээ бирөөлөр айланасына жакпагандыктан саясый оюндардын аркасынан минген атынан, ээри, тизгини менен бат эле шыпырылып калган. Азыркы күндө Сапар досум деле кээ бир саясатчыларга жакпай бул бийликке кызмат кылуу миссиясы аяктап калышы да мүмкүн. Кандай болгон күндө дагы Сапар досум эл арасында кадыр-баркы менен кетсе деген эле гана тилек.

—Сапар Исаков саясий оюндардын курмандыгы болуп кызматтынан кол жууп калабы же дагы жаңы тепкичке көтөрүлүшү мүмкүнбү?

—Бул инсан бала кезибизден чогуу жүргөндө эч ким менен мамилесин бузган эмес жана ар бир адамга өзгөчө мамиле кылганды билген мыкты дипломат адам. Азыр дагы бул адам көптөгөн адамдар менен мамиле түзсө керек. Сапар досумду учурда эки жол күтөт, биринчиси чет өлкөгө элчи болуп кетет, экинчиси келээрки парламентте жаштардын желегин көтөрүп алдыга оозунуп чыгышы мүмкүн. Эрки жетип бул жолду тандаса анда Сапардан келечекте көптү үмүттөнсө болот.

—Баса, маркум атаңыз Бектемир Акуновдун жашыруун өлүмүнө ушул күнгө чейин баа берилбей келет, досуңуз Сапар “мырзалык” сөзүн айттыбы?

—Сапар экөөбүздүн аталарыбыз экөөбүзгө тең бирдей кеп-кеңештерин айтып келишкен. Тагдырдын буйругу мен атамдан саясый буюртма болуп айрылып калып, досум Сапар ушул ишке жооптуу болуп калат деп такыр ойлобоптурмун. Атамдын иши БУУдан утуп чечим чыгып келгенде түзмө-түз тышкы саясат катары ТИМ бөлүм башчысы Сапар досума келип түшкөн. Сапар ошол ишти президенттин аппарат башчысына алып барганда бул иш аркасынан кайра өзү, президенттин аппарат башчысы болгон. Ал жерден президент бул ишти Өкмөт башчынын көзөмөлүнө койгондо, арадан 15 күн өтпөй, так ушул Сапар досум Өкмөт башчы болуп атпайбы! Атамдын арбагынын астында жана достуктун ортосунда, инсан катары дагы Өкмөт башчы катары дагы Сапар досум, бул ишке бир жылдын жүзү болуп жатканы менен эч кандай жылыш эмес “да” или “нет” деген жооп болгон жок. “Ак ийилет бирок сынбайт”, дегендей атамдын актыгын кыргыз Өкмөтү адилетсиз соттор бурмалаганы менен БУУнун сотунда атамдын ак экендигин далилдеп, бийликти күнөөлүү деп тапкан. Калган ишти Кудайга койдум калганы кыргыз Өкмөтүнүн абийринде. Убакыт учкан кугш экен атам каза болгондо аркасында калган 3 жаштагы кенже иним быйыл эр азамат болуп, 16 жашка чыкты…(деп ыйлап жиберди)

Биз менен маекте Нарын облусунун “Теңир тоо ынтымагы” коомунун жаштар төрагасы, активист Урматбек Акунов болду

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу