Сапар Исаковдун “эски жарасын” Султанов сыйрыдыбы?

Жакында филармонияда 7-апрель окуясына байланышкан жыйын болуп, ага лөктөрдөн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, спикер Чыныбай Турсунбеков жана президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов катышканы маалым. Соке, Чыныбай кыргызча сүйлөсө, берки Фарид орусчалай бирдемелерди балдырады. Негизи бул жерге аппарат башчы Сапар Исаков да келмек экен. Тилекке каршы, анын артка кетенчиктегенин президенттин дагы бир кеңешчиси Калыкбек Султанов тар чөйрөдө ашкерелеп салдыбы? «7-апрель күнү Сапар Исаков менен Максим Бакиев ЦАРИИнин иштери боюнча Америкада жүрүшкөндө революция болуп кеткен…» деп моралдык чоң  жоопкерчиликти жең ичинен козгогону айтылып, күбүр-шыбыр кепке айланды. Эски жара сыйрылып кеткендей эле… Минтип айтса, Калык Султанов туура кеп козгогон болот. 2010-жылы 7-апрелде Сапар мырза чын эле Америкада Максим менен үлкөн долбоорлордун үстүнөн масилет куруп, ЦАРИИнин өнүгүшү үчүн кам көрүп жүргөнүн тана албаса керек. Анан Кыргызстанда тополоң башталып, бийлик алмашканда КурСалиевичтин эркеталтаңы ошол жакта калып, ал эми Исаков акыры-ын бул жакка жыла келгенин кантебиз? Мына, 7-апрель да келди, бийлик алмашканына туура 7 жыл толду. Кан төгүлүү, бейкүнөө жигиттердин окко учканы дагы деле көкүрөктөгү муңга айланып, оор жоготуулар эч унутулбай келет. Дал ушундай шартта президенттин аппарат башчысы артка бир кылчайып, өткөн күндөргө ой калчап, оор үшкүрүп алса керек…

Булак: “Азия ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу