Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевдердин иштерин сотко өткөрүп беришти

Сот жараяны боло турган күн азырынча белгисиз

Бишкек ЖЭБ модернизациясындагы коррупция фактысына катыштыгы бар деп эсептелген депутат Осмонбек Артыкбаев менен мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, ошондой эле Сапар Исаковдун кылмыш иштери сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Башпрокуратурадан билдиришти.

— Кечээ иштин бардык материалдары Бишкектин Свердлов райсотуна өткөрүлүп берилди, — деп белгиледи көзөмөл органы. — Сот жараяны боло турган күн белгисиз. Иликтөөнүн жыйынтыгында коррупция жана кызматтык абалынан ашыра пайдалануу фактысы менен, иштеги далилдер аркылуу Исаков, Сатыбалдиев, Артыкбаев, Калиев, Авазов, Назаров, Бримкулов жана Лавроваларга карата айып тагылды.

Эске салсак, ордо калаабыздын ЖЭБ модернизациялоо жана калыбына келтирүү фактысы боюнча төрт кылмыш иши козголгон.

Айыпталуучулардын ичинде мурунку эки премьер, депутат, «Электр станциялары» ААК жана «Улуттукэнергохолдингдин» жетекчилери ж.б. Баарына коорупция боюнча айып тагылды.

Булак: Vesti.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу