Сапаргүл Абдинабиева: «Эгерде тагдыр мага алдын-ала эскертип, кыска убакытта бактылуу болуп, арты ушундай жамандык менен бүтөөрүн айткан болсо… «

Иликтөөчү журналисттердин көч башында туруп, паракорчу аткаминерлердин өтүн алган чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев тирүү болгондо бүгүн 29 жашка чыкмак. Тирүү болгондо дагы көптөгөн эмгектерин элине арнап, канчалаган коррупционерлердин коомчулукка жүзүн ачып бермек..

Жолдошун жоктогон Сапаргүл Абдинабиева төмөнкүлөрдү жазып калтырган:

«Ушул мүнөттөр… Өмүрү торт жасап көрбөгөн жаным ойдогудай болбой калса кантем деп чыйпалактайт. Араңдап бышты, эми кооздоо керек. Өзгөчө адамым үчүн өзгөчө кооздук керек. Кайра шашам… Бул учурда сен аркы бөлмөдө мемиреп кино көрүп жаткансың. Экөөбүздүн далай уйкубузду алган кинолордун бири болчу. Байкатып албайын деп акырын кыймылдап, торттун жанына шам жактым. Күтө туруп, туура түнкү 12де сен жаткан бөлмөгө туулган күнүң менен куттуктап кирдим.

Чоочуп тура калдың, уктап кеткен экенсиң. Мүнөзүң олуттуу болгон үчүн сени күлдүрүү, кубантуу да оор болчу. Негедир Бул ирет башкача кубанып «Өзүмдүн каражаным, баары үчүн рахмат» деп, андан ары экөөбүз тең сөз таппай, бир топко элжиреп туруп калдык. Анан каалоо айттым. Сүрөткө тартайын десем «Коё тур, чачымды ондоп алайын» дегениңчи. Мага оңдоосуз бойдон жакшы көрүндү.. Тарттым. Анан таң оогонго чейин сүйлөшүп отурдук. Бул биздин бир үй-бүлө катары тоскон алгачкы жана акыркы туулган күн бойдон калды.

Ооба, биз ушундай берилип жашадык. Көп аракетебиздин артында толкундануу, эмгек, мээрим бар болчу. Бири-бирибизге унутулгус мүнөттөрдү, күндөрдү тартууладык. Эгерде тагдыр мага алдын-ала эскертип, кыска убакытта бактылуу болуп, арты ушундай жамандык менен бүтөөрүн айткан болсо… Бир жылга жетпей сенден айрыларымды билдирген болсо… Анда да ушул жолду тандамакмын. Анда да ойлонбой туруп ушул жолдон басмакмын!

Сүртүп кеткен сүйүүң, жылуу мамилең, эн негизгиси өмүрүмдүн мазмуну болгон, Белегиң үчүн сага чексиз ыраазымын.

Бүгүн өзүң болсоң жашообуздун дагы бир кызыктуу ирмемин чогуу өткөрмөкпүз. Адатымча сага жагымдуу белек даярдамакмын. Жалгыз эмеспиз, уулубуз менен! Анда дагы да көркүнө чыкмак, туурабы?

Өзүңдү дүйнөдөгү эң бактылуу «ата» сезмексиң…

Чогуу кубанмакпыз… Айта берсем сен татыктуу болгон жакшылыктар түгөнбөйт. Айла гана жок. Бейишиң болсун, Улан! Куран, дубаларыбыздасың!»

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу