Сапаргүл Абдинабиева: «Сени өсүп турган гүл да жоктойт, Улан!»

Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева жолдошун жоктоп эскерүү жазды.

«Кайсы бир терезелерде миңдеген гүлдөр өсүп жаткандыр. Ар түрдүү… Ак, сары, кызыл… Ким билсин алардын кайсынысы бакытка балкып турат? Кайсынысы үйдөгү ызы-чуудан чарчап турат? Билгеним, алардын баары үмүт менен ачат, жашоого умтулат. Гүл да болсо бактылуу болууга акылуу эмеспи. Гүлдүн табияты тынчтык, кубаныч, тазалык, ынтымак бар жерди ыроолойт, көркүнө чыгат. Ошон үчүн дагы биздин терезенин гүлдөрү кооз боло турган.

Кызыгы, аларга жалгыз мен эмес, экөөлөп кам көрчүбүз. Аярлап, жактырып… Бала карагандай. Жумуш сапары менен бир жакка кетсек биринчи өзүбүздүн абалды, анан гүлдөрдү сурайбыз. Далай жолу чогуу гүл отургузуп, далай жолу чогуу суугардык. Кээде эртең менен бири гүлдөп калса, ким биринчи көрсө сүйүнчүлөйт сөзсүз. Алардын арасында экөөбүздүн атыбыздан аталгандары да бар. Тагыраагы, өзүбүз атап алганбыз.

Эсиңдеби, мен Австрияда жүргөндө менин атымдан атап алган гүлүңдү видеого тартып жибергенсиң. Соолуп, жалбырактары ийилип баратканын көрсөтүп, «эртерээк кел, мен да, гүлүң да сени сагындык!» дегенсиң. Ошо кезде коп этибар албасам да, гүлдүн сезимтал табиятына эми таң калып отурам.

Дегеним, быйыл сенин гүлүң ачкан жок. Ал демейде февралдын башында гүлдөй турган. Атайын сенин туулган күнүңө карата ачсын деп өстүргөнүмдү көрүп, жүрөгүңдөн ыраазы болгон элең. Бүгүн турат томсоруп… Гүлдүн наздана ачканын көрүп кубана турган, аны жетине албай сүрөткө тартып, мага сүйүнчүлөй турган адамдын өзү жок экенин сезсе керек. Эл, жер, биз тургай Сени өсүп турган гүл да жоктойт, Улан!»

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу