Сапарга чабуул башталды

Президентгик шайлоо соңуна чыгаар замат таасир талаш күчөдү. Өзгөчө өкмөт башчылык орунду эңсегендер интрига жүргүзө башташты. Натыйжада премьер-министр Сапар Исаковду Казакстан-Кыргызстан соода алакасынын алкагында түзүлгөн кырдаал боюнча күнөөлөп, “жаштык кылып иштей албай койду” деген куру доомат менен кызматтан кетирүү амалын көрүшүүдө. Албетте, азыркы кырдаал Сапар Жумакадырович үчүн чоң сыноо. Эгер бул кырдаалдан татыктуу чыга алса аброю артат. Андай болушун тымызын таасир талашкандар каалабайт. Ошол себептен астыртан, «иштей албай жатат, кырдаалды жөнгө салууга чамасы жетпей калды» деген жылма маалымат таратып, кадырын түшүрүү, ишеничтен чыгаруу оюндары жүрүүдө. Арийне, азыр бизге саясий эрк, туруктуулук, мамлекеттин кадыры керек болуп жатканда,Өкмөттү алмаштыруу менен маселе чечиле койбосун моюнга алышыбыз керек. Ошондуктан амбициясына ээ боло албай жаткандар мамлекеттин кызыкчылыгын ойлоп, Исаковдун иштешине мүмкүнчүлүк бериши керек.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу