Санжар Энназаров, жеке ишкер: «Экс- президент туура эмес кадамдарды өзү жасап алды…»

Экс болгондон кийин кайра саясатка кайтып келип, ар кайсыны сүйлөп турганы туура эмес. Ал киши иштеп турган убакта көп эле ката кетирди. Ошол кылган иштерине жооп бериш керек. Себеби, кийин мындан президенттерге да сабак болуп чынчыл иштегенге аракет кылышат. Депуттардын кол топтоп, кол тийбестигин алууну көтөрүп чыккандарын колдойм.

ТУРАТ АКИМОВ, ТАЛДООЧУ: — Бул депутаттардын жөн эле пиар-пикири. Булар эл алдында «биздин да намысыбыз бар» дегендей эле түр көрсөтүп жатышат. Эгер алар Атамбаевди жоопко тарткысы келсе башкы прокурорду чакырып алып эчак эле тапшырма беришмек. «Качкан жоону катын да саят» деген кеп бар кыргызда, булар эми баары эле кыйын боло беришет. Ал эми Алмазбек Атамбаев бийликте отурган кезде ушулардын бири да сүйлөй алган эмес, чүчкүрө да алган эмес. Баары кеткенден кийин сүйлөп жатышат. Сооронбай Жээнбеков кеткенден кийин аны деле шыбап кое беришет. Бирок реалдуу алганда азыркы саясий аренада бийликке тең келе алчу, оппозиция катары Атамбаев гана калды. Андан башка эч ким президентке сын да айта албайт. Анткени алардын баары күн карама.

БУЛАК: Факты.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу