«Самопал» генерал Абдил Сегизбаев «окопто» жатат…

Кезинде Аскар Акаевдин бийлигин коргоп журүп 2005-жыллын 24-март күнү элден таяк жеген Абдил Сегизбаев 2010-жылга чейин бөгүп жатты. Кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамына айланып, саясий аренага пайда болгондо айлакөр ишине таң калганбыз. Ошентип жүрүп УКМКнын башчылыгына келген Аблил Сегизбаев саясий куутунтуктун катыгын берип, бир нече адамды ак жеринен күйгүзгөнү убакыттын өтүшү менен ачыкталып олтурат. Учурда элди аралай албай, аялынын этегине жашынып жаткан кези.

Экс-ажонун командасынан биротоло «тебилип» кеткени 6-апрель күнү өткөн съездден кийин билинди. Албетте, бул эргулга мындан ары болоночок караңгы. Саясий жактан дегеле эми өспөй калды. Өсмөк турсун келерки жылдагы шайлоодон кийин Суталиновдун кейпин кийип, темир тордо түбөлүк чирип калышы мүмкүн. Андыктан анын бир гана жолу турат, сыртка чыга качып кутулушу керек, Чын да, далай кишини азапка батырган эргул «окопто» тубөлук жата турган болуп калды өңдөнөт…

Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу