Самара Сабирова, ырчы: «Бирөөнүн ырын сурабай ырдоо уят…»

—Самара айым, дайыма кайгылуу ырларды ырдайсыз. Шаңдуу, тамашалуу ырларыңызды качан угабыз?

—Мындай сөздөрдү биринчи жолу угуп жаткан жокмун. Кеп айтышат. Кайгылуу, оор басырыктуу, ырларды ырдаганымдын себеби, үнүм ошондой диапазондуу бийик чыгат. Кайгылуу чыгармаларды аткарсам өзүмө ыраазы болом. Репертуарымда шаңдуу ырлар деле бар, аз болгондуктан укпай жатсаңыздар керек.

-«Жалгыз уя» деген ырыңыз Майрамбек Осмоновго таандык эмеспи. Автордон уруксат алынды беле?

—Автордун өзүнөн деле сурап көрсөңүздөр болот, уруксат алганмын. Бирок обонун жаздырууда эки -үч жолу кайталоого туура келди. Улам жазганым улам жакпай калат, жаратпай кайра барам. Акыры үчүнчүсү өзүмө жагып ырдап жүрөм. Негизи бирөөнүн ырын сурабай ырдоо уят. Бир ооз кеңешип койсоң, автор деле ыраазы болуп калса керек.

—Эл ичинде артис кыздар ак кол деген түшүнүк бар. Үй иштерин жакшы жасайсызбы?

-Жок-жок, ал сөзгө такыр мен кошулбаймын. Мен айыл жеринде өскөндүктөн бардык жумуштарды жасап эле чоңойгонмун. Кетмен чаап, отун ташып, жаңгак терип, казан менен тандырга нан жаап дегендей. Айрым иш кыла албагандар үчүн баарыбызды ак колго чыгарып коюу туура эмес.

—Ырчылар карьера жасоо үчүн Бишкек шаарына көчүп келүүгө аракет жасашат. Сизде мындай пландар жокпу?

—Оюмду окуп тургандай суроо бердиңиз. Учурда борборго көчүп келейин деп аракеттенип жүрөм. Кудай буюрса алдьңкы күндөрдө убактылуу жашоо үчүн барып калышым мүмкүн. Ошту таштап кетүү мен үчүн аябай оор, кыйналып кетем. Бишкекте канча чыдаар экенмин деп ойлонуп жатам.

—Социалдык тармакта көп олтурасызбы?

—Башкалардай күнү-түнү инстаграм, фейсбукка байланбайм. Эмне ичип жеп атканымды жарыялап туруудан тартынам. Кечинде жатаарда гана уйкум келгенче бир аз карап коюшум мүмкүн. Убактымды жакшы нерселерге короткум келет.

—Ырчылардын арасында курбу досторуңуз барбы?

—Ооба, өзүм теңдүү ырчылардын баары менен мамилем жакшы. Сыр чечишкен курбуларданбыз. Ырларыбызды талкуулап, жеке жашообузду жашырбай айтып, ынак болуп жүрөбүз.

— Музыкалык билимиңиз барбы?

—Мени жакындан билсеңиз ушул суроону бербейт болчусуз. Көп эле жерде айтып жүрөм, азыр дагы айтам. Музыкалык жогорку билимим бар. Көчөдөн келип эле сахнага чыгып кеткен эмесмин. Сурооңорго баса жооп берип кетсем, мен өзүмдү ырчы деп эсептебейм. Өзүмдү билимдүү инсан катары көрөм.

—Сахна жаштыкты сүйөт эмеспи, бат эле сурулуп калуу коркунучу жокпу сизде?

—Маңыздуу, калкыбыздын купулуна толо турган ырларды ырдасаң 50 жашта болсоң да күйөрмандарың сени сүйүп угат. Ырды жеткире ырдаган ырчы эч качан жаштар келгенде сүрүлүп калбайт. Канча жашасам, ошончо ырдап өтөм.

—Айрым сахналаштарыңыздын ырдан башка каржы келчү булагы жок экен, сиздечи?

—Ырчылыкты тиричилик өткөрүү деп эсептебейм. Акча келчү башка дагы иштерим бар. Сахна адамы болуу үчүн менин оюча Кудайдан талант берилиши керек. Талант бар болсо, өмүр бою элдин кызматын кылып жан сактаса болот.

Сезим Мураталиева

БУЛАК:Мантыш

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу