Самара Каримова, ырчы: “Баарына жаккандай мен акча эмесмин…”

– Самара сенин кытай тилинде ырдаганың интернетте кызуу талкууга алынды. Кытай тилинде кантип ырдап калдың?

– Негизи эле репертуарымды ар тилдеги ырлар менен толуктап тургум келет. Бул жолу ырларымдын катарын кытай тилиндеги аткарган ырым толуктады. Жалгыз эле кытай тилинде эмес, дагы көп тилдерде ырдагым келет. Буюрса, келечекте дагы башка тилдеги ырларыма күбө болосуздар.

– Ырдын аталышы кандай?

– «Жолугушуу» деп которулат. Ырды аткараардан мурда аябай изилдеп, текстин котортуп, маани-маңызын түшүнүп, андан кийин гана ырдап чыктым. Менин тембриме, үнүмө туура келди. Бул ыр элге бат тарап, кызуу талкууну жаратат деп ойлогон эмес элем. Өзүм кызыккан үчүн ырдап, репертуарыма кошуп коем дегем. Жыйынтык мени кубандырды. Себеби эл жакшы кабыл алып, жакшы аткарыпсың, мыкты болуптур деген пикирлер көп болду. Албетте, биз кытай эмеспиз. Ошондуктан ырды кынтыксыз ырдадым дебейм. Колумдан келишинче аракет жасадым.

– Кытай тилин билбесе ырдабай эле койбойбу дегендерге кандай жооп айтасың?

– Кытай тилин билбейм. Бирок кызыгуум абдан күч болгондуктан ырдоону туура көрдүм. Ырды ала калып эле аткарып салган жокмун. Эки ай бул тилди мыкты билгендер менен иштедим. Башында абдан оор болду. Бирок каалоо баарын жеңди. Ырды жаздыргандан кийин кытай улутундагыларга да уктуруп көрдүк. Ал эми тил билбесе ырдабай эле койбойбу дегендерге эч нерсе дебейм. Алардын да пикирин сыйлайм. Балким, аларга ыр жакпай калгандыр… Чынында адамдын баарына жагуу кыйын. Ар кимдин табити ар кандай эмеспи. Ошондуктан бирине жакса, бирине жакпайт. Негизи акча эле адамдын баарына жакса керек. А мен акча эмесмин да.

– Жакында Өзбекстанга жеке концерт бергени жатыпсың. Кыргыз ырчыларынын арасынан Өзбекстанга жеке концертин берген биринчи ырчы болот окшойсуң?

– Азырқы ырчылардын арасынан биринчилерден болуп Өзбекстанга концерт бергени жатабыз. Даярдыктар күчүндө. Коңшу мамлекеттерге жеке концертимди берүү менин кыялым болчу. Ошол кыялымды орундатып, концертти уюштуруп берип жаткан өзбек элинин Эл артисттери Азатбек Назарбеков, Мырза Азизовго жана колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн сиздердин гезиттин жалпы жааматына ыраазычылык билдиребиз. Буюрса баары жакшы болот деп ишенем.

– Орто Азиядагы мамлекеттерге концерт берүүнү да максат кылып жатыпсың кыргыз сахнасынан көтөрүлөйүн дедиңби?

– Ооба, бул менин башкы максаттарымдын бири. Элимдин колдоосу, аракет, эмгектин арты менен кыргыз элиме таанылып, талантымды көрсөтө алдым. Эми коңшу мамлекеттерге, деги эле дүйнө элине таанылсам деген жакшы тилегим бар. Ташкенттеги боло турган концерт менин дүйнө сахнасына ташталган алгачкы кадамым десем болот. Концертте кыргыз тилинен башка тилдерде да ырларды аткарам. Ал концерттен кийин башка мамлекеттердин борбор шаарларында концерт бергенге даярдык көрөбүз. Негизи борборлорго концерт берүү абдан оор. Чоң жоопкерчилик.

– Уулуңар да ырчы болобу?

– Эки уул, бир кыздын ата-энесибиз. Уулдарыбыз чыгармачылыкка аябай жакын. Ырдайм деди ырдатып койдук. Балабыздын азыркы таттуу кезин тасмага түшүрүп калалы деп, ошол ырына клип тарттырып коелу деп жатабыз. Негизи баланын кесип тандоосуна аата-эне чоң роль ойнойт. Биздин балдар эмнеге кызыкса, кааласа ошол кесиптин ээси болушат. Биз колдоп, кеңешибизди берип, андан ары өсүүсүнө шарт гана түзүп беребиз.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу